Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Израилдин Сирияга урган соккусунан каза тапкандар 14 кишиге жетти


Ирандын Дамаскидеги консулдугу Израилдин соккусунан кийин. 1-апрель, 2024-жыл (архив)
Ирандын Дамаскидеги консулдугу Израилдин соккусунан кийин. 1-апрель, 2024-жыл (архив)

Израилдин Сирияга урган соккусунан каза тапкандардын саны 14 кишиге жетти, 40тан ашууну жарадар болду. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Сириянын маалымат каражаттары кабарлашты. Жекшембиде ал өлкөнүн борбордук бөлүгү чабуулга кабылганда Хама провинциясында кан жол талкаланганын, өрт чыкканын SANA агенттиги жазган.

Журналисттер жергиликтүү оорукананын башкы дарыгери Файзал Хайдарга шилтеме менен билдиргендей, 14 киши каза тапты, 43ү жараланды.

Сириядагы адам укуктарына байкоо салган Британиядагы уюмдун маалыматына караганда, набыт болгондордун кеминде төртөө карапайым адамдар.

"Дүрмөттөрдүн бири Майсафтагы илимий изилдөө борборуна, башкалары ирандык согушкер топтор менен Сирияда курал жасоонун үстүнөн иштеген эксперттер жайгашкан жерлерге тийген", - деп маалымдады уюм.

Израилдин аскерлери соккуларга байланыштуу комментарий жасай элек. Израил акыркы жылдарда согуш сазына баткан Сириянын өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарына жүздөгөн сокку урганы менен андай операцияларды чанда моюнга алат же чоо-жайын талкуулабайт. Адатта бутага сириялык аскерлер же Иран колдогон топтор алынат.

AP агенттиги жазгандай, Сирия аркылуу Тегеран «Хезболла» согушкер тобуна курал-жарак ташыйт.

Газадагы согуштун фонунда ал топ маал-маалы менен израилдик аскерлер менен кагылышып келатат.

XS
SM
MD
LG