Киевдеги автоунаа ишканасында жарылуу болду

Виталий Кличко

Украинанын борбору Киевдеги автоунаа ишканасынын (АТП) аймагында 8-сентябрда жарылуу болду. Шаар мэри Виталий Кличко жарылуунун себеби азырынча белгисиз экенин билдирди.

"Эки кабаттуу имарат талкаланды. Өрт жорк. Урандылардын астында адамдар болушу мүмкүн. "Тез жардам" кызматы иштеп жатат", - деп жазды Кличко Телеграмга.

Ушул күнү Сумы шаарына орус армиясы жасаган соккудан эки адам каза болду. Дагы төрт киши жараат алды, алардын экөө балдар экенин калаанын аскердик администрациясы билдирди. Жергиликтүү бийлик кыйраган турак жай, курулуштар, автоунаалар тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Ал эми Орусиянын Белгород облусу аткыланганын губернатор Вячеслав Гладков өзүнүн Telegram каналына жазды. Ал Никольское деген кыштакта үч адам жараат алганын, экөө балдар экенин билдирди. Алар ооруканага жеткирилген.

Орусия Украинага согуш баштаганына эки жылга жакындап калды. Далилдерге карабай, Москва Украинанын калктуу конуштарына сокку урганын моюнга албайт, аскердик объектилер гана бутага алынарын белгилейт.

Орусиянын аймагына жасалган чабуулдарга да Киев адатта комментарий бербейт.

Дагы караңыз

Белгород облусуна жасалган чабуулда үч адам жараат алдыКиев: Орусия колдонгон дрондор Румыниянын аба мейкиндигин буздуБерлин Казакстан, Өзбекстан менен кызматташууну тереңдетет Нурсултан Назарбаев Бухарада Мирзиёев менен жолукту