Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:19

Киев: Орусия колдонгон дрондор Румыниянын аба мейкиндигин бузду


Украинага чабуул учурунда Орусия колдонгон "Шахед" дрондору Румыниянын аба мейкиндигин бузду. Бул тууралуу 8-сентябрда Украинанын Аскердик-аба күчтөрү Telegram каналында кабарлады. Маалыматта орусиялык дрондор Румынияннын Сабангия аймагында байкалганы жазылган. Москва жана Бухарест азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин Украинанын Одесса облусунда аба чабуулу тууралуу айгай жарыяланган, дрондор аймактын түштүгүндө байкалган.

Жекшембиде Украинанын Сумы шаарына орус армиясы жасаган соккудан эки адам каза болду. Дагы төрт адам жараат алды, алардын экөө балдар экенин калаанын аскердик администрациясы билдирди. Жергиликтүү бийлик кыйраган турак жай, курулуштар, автоунаалар тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Бир күн мурун Орусиянын Воронеж облусундагы дрон чабуулунан улам курал-жарак кампасында өрт чыгып, жергиликтүү бийлик 600дөй адамды эвакуациялаган. Ушул күнү Украинанын Константиновка шаарында орус тараптын аткылоосунан үч адам каза таап, дагы үчөө жараат алган. Донецк облусуна урулган соккуда беш киши мүрт кеткен.

Далилдерге карабай, Москва Украинанын калктуу конуштарына сокку урганын моюнга албайт, аскердик объектилер гана бутага алынарын белгилейт.

XS
SM
MD
LG