Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:23

Нурсултан Назарбаев Бухарада Мирзиёев менен жолукту


Нурсултан Назарбаев
Нурсултан Назарбаев

Казакстандын мурдагы президенти, акыркы эки жылдан бери элге сейрек көрүнүп жаткан Нурсултан Назарбаев Өзбекстанга барды. Ал 6-сентябрда Бухарада кошуна өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушканын "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады. Маалымат каражаттары бул жолугушууну “расмий эмес” деп атады.

"Өзбекстан-24" телеканалы Мирзиёев менен Назарбаевдин орто кылымдагы шаардын тарыхый кооз жерлерин кыдырган кадрларын көрсөттү.

Сапардын максаты тууралуу расмий кабарланган жок. Айрым басылмалар Назарбаев Бухарага "байыркы архитектуралык эстеликтерди зыярат кылуу үчүн" барганын жазышты.

Назарбаевдин расмий сайтында да, Өзбекстандын президентинин сайтында да бул сапар тууралуу маалымат жарыяланган жок.

Бийликти 2019-жылы Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп бергенден кийин да саясаттагы таасирин сактап келген Назарбаев 2022-жылдагы Январь окуяларынан кийин эл алдына дээрлик чыкпай калган. Андан бери Казакстанда экс-президенттин ыйгарым укуктары азайган.

XS
SM
MD
LG