Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:22

Белгород облусуна жасалган чабуулда үч адам жараат алды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жекшемби күнү Орусиянын Белгород облусу аткыланганын губернатор Вячеслав Гладков өзүнүн Telegram каналына жазды. Ал Никольское деген кыштакта үч адам жараат алганын, экөө балдар экенин билдирди. Алар ооруканага жеткирилген.

Облус башчысы абадан коргонуу системасы бир нече дронду атып түшүргөнүн маалымдады.

Жергиликтүү бийлик снаряддар эки жер тамды талкалаганын, төрт көп кабаттуу үй, эки коммерциялык объект зыян тартканын кабарлоодо. Андан тышкары, сыныктар бир автобус менен үч автоунаага тийген.

Жекшембиде Украинанын Сумы шаарына орус армиясы жасаган соккудан эки адам каза болду. Дагы төрт адам жараат алды, алардын экөө балдар экенин калаанын аскердик администрациясы билдирди. Жергиликтүү бийлик кыйраган турак жай, курулуштар, автоунаалар тартылган сүрөттөрдү жарыялады.

Украинага согуш ачкандан кийин Орусиянын айрым аймактары да аткылоого дуушар болууда. Киев адатта бул чабуулдарга комментарий бербейт. Орусия дагы Украинанын калктуу конуштарына жасалган чабуулдарды моюнга албайт. (SE)

XS
SM
MD
LG