Садыр Жапаров Өзбекстандын маданият министрине Кыргызстандын эл артисти наамын берди

Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков.

Президент Садыр Жапаров 5-сентябрда Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбековго “Кыргыз Республикасынын эл артисти”, Юнус Раджаби атындагы өзбек улуттук музыкалык искусство институтунун “Макомду салттуу аткаруу” кафедрасынын улук окутуучусу Нуридин кизи Фарангиз Махмудовага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамын берди.

Сыйлыктар алар маданият жана искусство чөйрөсүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон салымы үчүн ыйгарылганы айтылды.

Ушул эле күнү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын эстрадалык-симфониялык оркестринин көркөм жетекчиси жана башкы дирижёру Нур Өмүрбаевге “Өзбекстан Республикасынын эл артисти”, комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулуна “Өзбекстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамын берди.

Шавкат Мирзиеёвдин жарлыгында сыйлыктар эки өлкөнүн достугун жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого кошкон салымы үчүн берилгени айтылат. (BTo)

Дагы караңыз

Москва соту "Сахаровонун" үч кызматкерин эки айга камадыКиев кайрадан чабуулдарга туш болду, бир нече дрон Беларуска учуп киргени кабарландыДин комиссиясынын жетекчи орун басары Кыргызстанда дин эркиндигин чектөө жок экенин айтты11 журналисттин сотунда лингвист-эксперт суралды1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6900 сом болотАКШ Орусияны кремлчил медиа аркылуу президенттик шайлоого таасир этүүгө аракеттенүүдө деп айыптадыПрезидент коомдук башталышта иштеген жардамчы, кеңешчилерин бошотту