Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

11 журналисттин сотунда лингвист-эксперт суралды


Абактагы төрт журналисттин соту. Бишкек шаардык соту. 4-сентябрь, 2024-жыл.
Абактагы төрт журналисттин соту. Бишкек шаардык соту. 4-сентябрь, 2024-жыл.

5-сентябрда Бишкектин Ленин райондук сотунда “Айт, айт десе” жана Temirov Live долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 журналистинин иши боюнча соттук отурумда лингвист-эксперт Таалайбек Абдыкожоев сурак берди.

Ал сотто суроолорго жооп берип жатып “Азамат Ишенбеков менен Махабат Тажибек кызынын гана видеолорунда массалык башаламандыкка чакырыктар бар” экенин айтты. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Улан Сейитбеков билдирди. Анын сөзүнө ылайык, кийинки соттук отурум 12-сентябрда уланып, дагы бир лингвист-эксперт Азамат Жаныш уулун суракка алуу пландалууда. Ал эми 19-сентябрда тараптардын жарыш сөзү башталат деп күтүлүүдө.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Ушул тапта төрт журналист - Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Temirov Live редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу, Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков, “Арча Медиада” (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана “ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбеков эркиндикке чыккан.

ИИМ “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыкка чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып келишет. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG