Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:16

Президент коомдук башталышта иштеген жардамчы, кеңешчилерин бошотту


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өз милдеттерин коомдук башталышта аткарган бардык жардамчыларын жана кеңешчилерин кызматтан бошотуу чечимин кабыл алды.

Мамлекет башчынын басма сөз кызматы бул Президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында аткарылып жаткан иш экенин билдирди.

Ушул тапта президенттин расмий төрт кеңешчиси бар. Алар: Бекбосун Бөрүбашев, Чолпонбек Абыкеев, Арслан Койчиев жана Бектур Зулпиев. Андан тышкары Алмамбет Шыкмаматов, Азамат Апсатаров жана Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчылары катары көрсөтүлгөн.

Сталбек Ахунбаев, Руслан Кыдырмышев, Эркин Тентишев президенттин коомдук башталыштагы кеңешчилери болуп жүргөн. Маалыматка ылайык, баш-аягы президенттин коомдук башталыштагы жети жардамчысы жана 19 кеңешчиси кызматтан бошотулду. (BTo)

XS
SM
MD
LG