Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:49

1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6900 сом болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрдан тартып, пенсиянын өлчөмү көбөйтүлүп, эң аз пенсия 6900 сом болот. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 29-августта кол койгон.

Ага ылайык, Социалдык фондго 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн 1-октябрдан тартып 18% көбөйтүп, анын ичинде кеминде миң сом кошуп эсептөө тапшырылды.

Андан тышкары 2024-жылдын 1-октябрына чейин дайындалган, 6900 сомдон төмөн болгон пенсиялардын базалык бөлүгүн 6900 сомго чейин жеткирүү милдеттендирилди. 1-октябрдан кийин дайындалуучу пенсиялардын өлчөмү да 6900 сомдон кем болбошу керектиги эскертилди.

Жалпысынан "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга ылайык, 1-октябрдан тарта эң аз пенсия 6900 сом болмокчу.

Пенсиялардын жогорулашын өкмөт Конституциянын 44-беренесинде “пенсия жашоо минимумунан төмөн болбошу керек” деп жазылган мыйзамды ишке ашыруу аракети деп түшүндүргөн.

Социалдык фонд 1-июлдан тарта Кыргызстанда минималдык пенсиянын өлчөмүн 3500 сомго жогорулаткан.

Соцфонддун былтыр 1-ноябрдагы эсебине ылайык, Кыргызстанда 764 миң пенсионер бар. Алардын 400ү 50 миң сомдон көп пенсия алат. Ал эми эң аз пенсия 1800-2000 сомду түзөт. Учурда Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 9300 сом.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG