Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Дин комиссиясынын жетекчи орун басары Кыргызстанда дин эркиндигин чектөө жок экенин айтты


Канат Мидин уулу.
Канат Мидин уулу.

Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын төрагасынын орун басары Канат Мидин уулу өлкөдө дин эркиндигин чектөө жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 4-сентябрда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбооруна байланыштуу уюштурулган басма сөз жыйынында айтты.

“Социалдык тармактарда “Кыргызстанда дин эркиндигине чектөөлөр башталды” деген өңүттөгү ар кандай постторду жазып атышат. Кыргызстанда дин эркиндигине эч кандай чектөө жок. Бул жерде ирээтке келтирүү иштери жүрүп жатат. Мындай иштер башка да тармактарда жүрүп, реформалар болууда”, - деди ал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.

Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ушул тапта иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынганын, ал азыркы талаптарга жооп бербей турганын билдирген.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык. (BTo)

XS
SM
MD
LG