Муфтий сунушталган долбоордо хижабга, дааватка тыюу салынбай турганын айтты

Абдулазиз Закиров.

Кыргызстандын Мусулмандар дин башкармалыгынын (КМДБ) муфтийи Абдулазиз Закиров Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия сунуштаган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору тууралуу комментарий берди.

Абдулазиз Закиров долбоорду диний аалымдар жана юристтер менен талкуулап жатышканын, андан тышкары Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңешинде да комиссия түзүп укук талаасында иш жүрүп жатканын айтты.

“Айрым жарандар мыйзам долбоорун толук окуп чыкпагандыктан “хижабга, дааватка тыюу салынат экен” деп бүтүм чыгарып, Интернетте туура эмес пикирлерди жазып жатат. Мыйзам долбоорунун табиятында хижабга, тагыраагы жоолукка эч кандай тыюу жок. Буга чейин аялзаты коомдук жайларда хижаб кийип, жоолук салынып жүргөн болсо мындан кийин да ошондой жүрө алышат. Анткени бул биздин өлкөдө аялзатынын Конституциялык укугу. Аталган долбоор мектеп, оорукана жана коомдук жайларда жоолукка тыюу салууну көздөбөйт деп айтууга негиз бар”, - деди ал.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Кыргызстанда “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун сунуштаган. 37 беренеден турган документте коомдук жайларда жана мамлекеттик мекемелерде адамдын жүзүн тааныганга тоскоолдук кылган кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушу жазылган. Долбоор 30-августта коомдук талкууга коюлду.

Андан тышкары диний негизде партияларды жана башка саясий бирикмелерди түзүүгө, каржылоого, диний сөздөрдү партиялардын аталышында же үгүт иштеринде колдонууга, депутаттарга диний ишмердүүлүк менен алектенүүгө тыюу салуу каралган. Диний мекемелерде саясий мүнөздөгү ар кандай иш-чараларды өткөрүүгө болбойт. Ошондой эле диний адабияттарды жана башка материалдарды коомдук жайларда, үй, батирлерди кыдырып таратууга да тыюу салуу сунушталууда.

Мыйзамды бузган адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 60-65 миң сом айып салуу каралган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия ушул тапта иштеп жаткан “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жөнүндө” мыйзам 2008-жылы кабыл алынганын, ал азыркы талаптарга жооп бербей турганын билдирген.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны - 399, калгандары башка диндерге таандык. (BTo)

Дагы караңыз

“Росатом” Миң-Куштагы кырсык боюнча комментарий бердиБеларуста дагы 30 кишиге ырайым берилдиТрамп Fox News телеканалынын эфиринде чоң жыйын өткөрөт «Досье» Путин менен Кабаеванын уулдарын иликтеп чыкты 4-сентябрь: “Куликовскийде” тинтүү жүргөнү кабарланды, тажик согушкердин аялы 11 жылга соттолду