Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:38

Беларуста дагы 30 кишиге ырайым берилди


Беларус активисти Марина Касинерова абактагы саясий туткундарды бошотуу талабы менен турат
Беларус активисти Марина Касинерова абактагы саясий туткундарды бошотуу талабы менен турат

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко нааразылык акцияларына катышканы үчүн айыпталган 30 кишиге ырайым берүү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу мамлекеттик БелТА агенттиги маалымдады. Президенттин басма сөз кызматы чечимди «гумандуулуктун ишараты» деп атады.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус кызматы өкмөткө каршы өткөн нааразылык акциялардын катышуучуларына ушуну менен үчүнчү ирет ырайым берилип жатканын жазды.

Ири демонстрациялар Беларуста 2020-жылы президенттик шайлоодон кийин уюштурулган. Оппозиция жана активисттер анын жыйнытыктары бурмаланганын айтып келатышат.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча акцияларды кууп таратканда бери дегенде сегиз киши каза тапкан. Бийлик миңдеген кылмыш иш козгогон. Жүздөгөн киши, арасында оппозиция лидерлери узак мөөнөткө абакка кесилген.

Ырайым кимге берилгени буга чейинкидей эле расмий айтылган жок. Бийлик алардын бардыгы күнөөсүн моюндарына алганын, “кылгандарына өкүнгөнүн” жана “мындан ары мыйзамды бузбай жашаарына убада кылганын” айтууда. Кеп көбүнчө жашы жетелек балдары бар ата-энелер тууралуу жүрүп жатат.

3-июлда 18 саясий туткун бошотулган. Арасында оппозициялык саясатчы, оор дартка кабылган Григорий Костусёв бар деп маалымдалган. 16-августта дагы 30 киши азаттыкка чыккан. Журналисттер алардын катарында белгилүү саясатчылар же активисттер болбогонун жазган.

"Весна" укук коргоо борборунун 4-сентябрдагы маалыматына караганда, 1375 киши ушу тапта саясий туткун деп таанылган.

XS
SM
MD
LG