Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:58

“Росатом” Миң-Куштагы кырсык боюнча комментарий берди


2-сентябрда кырсыкка кабылган автоунаа.
2-сентябрда кырсыкка кабылган автоунаа.

Орусиянын “Росатом” ишканасы Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган автоунаа кабылган кырсык тууралуу комментарий берди.

Компания окуя болгон аймакта радиациялык фон нормалдуу экенин, мындай кырсыктар кайталанбашы үчүн уран калдыктарын ташып жаткан ишканалардын ишине көзөмөл күчөтүлө турганын билдирди. Андан тышкары Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги атайын комиссиясы түзгөнү белгилүү болду.

2-сентябрда да Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал автожолунун 2-чакырымында HOWO үлгүсүндөгү автоунаа жолдон чыгып кеткен. Ал “Туюк-Суу” уран калдык сактоочу жайынан радиоактивдүү калдыкты ташып келаткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги автоунаа токтоп калган жерде калдыктар жерге төгүлбөгөндүгүн жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталганын кабарлаган. Калдыктар башка машинеге жүктөлүп, алынып кеткен.

Быйыл 1-июнда да Миң-Куш айылында “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген HOWO үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн. ӨКМ автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгонун, кырсык болгон аймакта радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкканын маалымдаган.

Бирок кийин автоунаа сайга кулаган учурда ичинде уран калдыгы болгону аныкталган.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылы август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы аткарууда.
2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат. (BTo)

XS
SM
MD
LG