Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:54

Трамп Fox News телеканалынын эфиринде чоң жыйын өткөрөт


4-сентябрда АКШда Республикалык партиянын президенттикке талапкери Доналд Трамп Fox News телеканалынын эфиринде чоң жыйын өткөрөт. Пенсильваниядагы Харрисберг шаарындагы иш-чараны Шон Ханнити аттуу белгилүү алып баруучу жүргүзөт. Программа анын кечки саат 9дагы шоусу маалында түз эфирде көргөзүлмөкчү.

Бул штатта эки салттуу партия – Демократтар менен Республикачылар теңме-тең келатат. Пенсильванияда Трамп жана Демократиялык партиянын өкүлү, вице-президент Камала Харрис шайлоочулар коллегиясынын 19 добушу үчүн ат салышат.

Демократтардын вице-президенттикке талапкери Тим Уолз ошол эле штаттын Ланкастер жана Питтсбург шаарларындагы иш-чараларга катышмакчы. Ал эми Харрис Нью-Гэмпширдеги Портсмут шаарындагы үгүт кампаниясында чакан бизнестин өсүшүнө өбөлгө түзүү пландарын талкуулайт.

10-сентябрда Трамп менен Харрис ABC телеканалында дебат өткөрмөкчү. Экс-президент эрөөлдү 4-сентябрда Fox News каналында уюштурууну сунуш кылган.

Трапм менен президент Жо Байдендин дебаттарынын биринчи айлампасы июндун этегинде CNN телеканалында өткөн. Кызматта турган президент үчүн ал иш-чара ийгиликсиз аяктаган. Ошондон кийин экинчи мөөнөт үчүн ат салышууну көздөгөн Байден президенттик жарыштан чыгып жатканын билдирип, Харристи колдогон. Кийин вице-президенттин талапкерлиги демократтардын курултайында расмий көргөзүлдү.

USA Today шейшембиде жарыялаган сурамжылоого ылайык, Харриске шайлоочулардын 48% ыктайт, Трампты 43% колдойт. Президенттик шайлоо АКШда 5-ноябрда өтөт.

XS
SM
MD
LG