Окуучуларды массалык иш-чараларга тартуунун тартиби аныкталды

Бишкектеги мектептердин бири.

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда окуучулардын катышуусу менен уюштурула турган массалык иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби бекитилгенин билдирди.

Ага ылайык, окуучулардын катышуусу менен өткөрүлүүчү иш-чаралар Министрлер кабинетинин социалдык жана билим берүү чөйрөлөрү боюнча төрагасынын орун басарынын макулдугу жана билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен өткөрүлөт. Ал эми жергиликтүү деңгээлдеги иш-чаралар министрликтин аймактык түзүмүнүн уруксаты жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысынын макулдугу менен уюштурулат.

Иш-чараны пландоодо окуучулардын ден соолугуна, өмүрүнө, психологиясына жана коопсуздугуна коркунуч жараткан тобокелдиктер аныкталса иш-чаранын маанилүүлүгүнө карабастан иш-чараны өткөрүүгө тыюу салынат.

Ушул жылдын 2-майында Сузак районунун Жерге-Тал айылында “Урааным Манас” аттуу маданий иш-чара учурунда дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине балдарды коюп кеткен. Иш-чарага катышып жаткан 3 миң окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, бир тобу ооруканага түшкөн. Айрымдары атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, операция жасалган.

Автоунаа Жерге-Тал айылынын тургунуна таандык болгон. Ал кароо-сынакка катышып жаткан балдарга балмуздак таркатуу үчүн барган. Машинени өчүрбөй токтотуп, түшүп кеткен мезгилде автоунаа кокусунан жылып кеткенин айтып берген. Айдоочу камакка алынып, кийинчерээк үй камагына чыгарылган.

Окуяны мекемелер аралык комиссия иликтеп, аймактагы милиция жетекчилери кызматтан алынып, айрым кызматкерлер тартиптик жазага тартылган. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да жумуштан четтетилген. (BTo)

Дагы караңыз

Жаратылыш министрлиги Миң-Куштагы мурдагы кырсык боюнча маалымат берди Жогорку Кеңеш Сыргабаев менен Машиевдин талапкерлигин колдодуАкыйкатчы Нарында бычакталган келиндин окуясын көзөмөлүнө алдыКыргыз-кытай чек арасындагы "Бедел" өткөрмө бекети ачылды"Ыйман нуру" фракциясынын лидери болуп Динара Ашимова шайландыБалбан Асан Жанышов Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды