Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

"Ыйман нуру" фракциясынын лидери болуп Динара Ашимова шайланды


Динара Ашимова.
Динара Ашимова.

Жогорку Кеңештеги "Ыйман нуру" фракциясына депутат Динара Ашимова лидер болуп калды. Бул тууралуу фракциянын мүчөсү Султанбек Айжигитов 4-сентябрда парламенттин жалпы отурумунда билдирди.

Анын маалыматында, фракциянын мурдагы лидери Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын тапшырганына байланыштуу жаңы лидер шайлоо жүргөн.

“Ыйман нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков депутаттык мандатын тапшыруу тууралуу арызын 30-августта Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган. Боршайком ошол эле күнү анын өтүнүчүн бир добуштан канааттандырган.

22-августта Кадырбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) сурак берип чыккан. Атайын кызматтан чыгып баратып ал "Ыйман" фондунун ишмердигине байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин билдирген.

"Ыйман" фондунун ишмердигин текшерген аудит 5 миллион доллардан ашык каражаттын отчету берилбегенин аныктаганы ушул айдын башында белгилүү болгон. Андан соң бул ишти укук коргоо органдары териштире баштаган. Бул маселе боюнча жаңжал тутангандан тарта эле фондду 2015-2019-жылдары жетектеген Кадырбековго кесепети тийиши мүмкүн экени айтылып жаткан.

Нуржигит Кадырбековдун ордуна парламентке Эрнис Айдаралиев депутат болуп келди.(ZKo)

XS
SM
MD
LG