Жогорку Кеңеште беш жаңы депутат ант берди

Иллюстрациялык сүрөт.

2-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында беш жаңы депутат - Айжигит Тыналиев, Бакытбек Марипов, Арсланбек Эгембердиев, Аккулу Бердиев жана Эрнис Айдаралиев ант берди.

Айжигит Тыналиев №36 Ысык-Көл бир мандаттуу шайлоо округунан, Бакытбек Марипов №5 Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келди.

Ал эми Арсланбек Эгембердиев парламенттеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан Мейкинбек Абдалиевдин, Аккулу Бердиев “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан Адахан Мадумаровдун, Эрнис Айдаралиев “Ыйман Нуру” фракциясынан Нуржигит Кадырбековдун ордуна депутат болду.

Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укугу ал парламентте ант берген күндөн тартып күчүнө кирет. (BTo)

Дагы караңыз

Нарында аялын бычак менен сайган деп кармалган адам эки айга камалдыЖогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, депутаттар ишке чыктыКыргызстанда жаңы окуу жылы башталдыБишкекте курулуш материалын саткан контейнер күйүп кеттиПаралимпиада-2024: Гүлназ Жүзбаева 13-орунду ээледи