Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, депутаттар ишке чыкты


Жогорку Кеңеш. Архив.
Жогорку Кеңеш. Архив.

2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясынын ачылышы болду. Парламент депутаттары эки айлык тыныгуудан кийин жумушка чыгышты. Эми тармактык комитеттердин отурумдары өтүп, Жогорку Кеңеш бир жумада эки жолу жалпы жыйынга чогулуп турат.

27-июнда III сессия жыйынтыкталган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

Мыйзам чыгаруу бийлигинде сегиз комитет, алты фракция, эки депутаттык топ бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG