Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Нарында аялын бычак менен сайган деп кармалган адам эки айга камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарын шаарында аялын бычак менен сайып жиберген деп кармалган 42 жаштагы шектүү Нарын шаардык сотунун 1-сентябрдагы чечими менен убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, шектүү 31-августта Нарын шаарындагы Он-Арча базарындагы ашканада ашпозчу болуп иштеген 41 жаштагы жубайын ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн маки (бүктөмө бычак) менен сайып жиберген. Укук коргоо кызматкерлери аны ошол эле күнү кармаган.

Жабырлануучу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Кийин социалдык тармактарда ашкананын видеокөзөмөл камерасына түшүп калган тасма тарады. Анда эркек киши аялды моюнга бир нече жолу бычак менен сайганын, сырттан келген эки адам аны ажыратып калганын көрүүгө болот.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматында, ушул жылдын беш айында үй-бүлөдөгү зомбулукка байланыштуу 5 153 учур катталган. 4 400дөн ашуун коргоо ордери берилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG