Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:20

Паралимпиада-2024: Гүлназ Жүзбаева 13-орунду ээледи


Гүлназ Жүзбаева коштоочусу Юлия Фернас менен. Архив сүрөт.
Гүлназ Жүзбаева коштоочусу Юлия Фернас менен. Архив сүрөт.

Парижде өтүп жаткан Паралимпиада оюндарында 1-сентябрда кыргызстандык Гүлназ Жүзбаева пара жеңил атлетикадан 1500 метр аралыкка чуркап, 13-орунду ээледи.

Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, бул категорияда (1500 метр - T11) 13 пара жеңил атлетчи үч топко бөлүнүп чуркаган. Жүзбаева коштоочусу Юлия Фернас менен бирге биринчи топто жарышка чыгып, 1500 метр аралыкты 6 мүнөт 11.36 секундда чуркап, 5-орунда марага келди. Ал эми жалпы үч жарыштын жыйынтыгында 13-орунду ээледи. Алдыңкы алты орунду алган Кытай, Түштүк Африка, Эфиопия, Кения жана Польшанын пара женил атлетчилери финалдык баскычка өтүштү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, Жүзбаева бул көрсөткүч менен көзү азиз спортчулардын арасында жаңы улуттук рекордду жаратты.

28-августта башталып, 8-сентябрга чейин улана турган XVII Жайкы Паралимпиада оюндары Франциянын борбору Париж шаарында өтүп жатат. Ага спорттун дүйнө жүзүнөн 4400дөн ашуун спортчу катышып, спорттун 22 түрүнөн байге үчүн ат салышат.

Кыргызстандан бул оюндарга алгачкы жолу төрт спортчу катышууда.

2-сентябрда аялдар арасында триатлондон Айтунук Жоомарт кызы жарышка чыгат.

Дзюдодон Маматибраим Суранов 73 килограммга чейинки салмакта 6-сентябрда таймашка катышат. Пауэрлифтингден Миргүл Болоталиева 86 килограммга чейинки салмак категориясында 8-сентябрда күч сынашат. (ECh/GT)

XS
SM
MD
LG