Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-сентябрь Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл 150 миңдей бала 1-класска кирди.

Ушул тапта өлкөдө 2 377 мектеп бар, анын ичинен 2 173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик мектептер. Анда баш-аягы 1 миллион 491 миң бала билим алат.

Жалпы билим берүү уюмдарында окутуу беш - кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тилдеринде жүргүзүлөт. 1 668 мектепте окутуу кыргыз тилинде, 274 мектепте орус тилинде, 18де өзбек тилинде болот. Үч билим берүү жайында окуучулар тажик тилинде окуса, беш мектепте англис тилинде сабак өтүлөт.

Мындан тышкары окутуу 709 мектепте аралаш тилде, анын ичинен 548 мектепте кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG