Жогорку Кеңештин кезектеги сессиясы ачылып, депутаттар ишке чыкты

Жогорку Кеңеш. Архив.

2-сентябрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын IV сессиясынын ачылышы болду. Парламент депутаттары эки айлык тыныгуудан кийин жумушка чыгышты. Эми тармактык комитеттердин отурумдары өтүп, Жогорку Кеңеш бир жумада эки жолу жалпы жыйынга чогулуп турат.

27-июнда III сессия жыйынтыкталган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары 2021-жылы 29-декабрда ант берип, ишке киришкен. Жаңы Конституцияга ылайык, парламентке бир мандаттуу 36 округдан 36 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланган.

Мыйзам чыгаруу бийлигинде сегиз комитет, алты фракция, эки депутаттык топ бар. (BTo)

Дагы караңыз

Кыргызстанда жаңы окуу жылы башталдыБишкекте курулуш материалын саткан контейнер күйүп кеттиПаралимпиада-2024: Гүлназ Жүзбаева 13-орунду ээледиНорвегиянын ханбийкеси Марта Луиза шаманга турмушка чыкты Харьковго кеминде 10 жолу сокку урулду, 40 киши жабыркады Автоунааны кайра каттоодо ОСАГО талап кылына баштадыАйтурган Маматкулованын өлүмү боюнча жолдошу эки айга камалды