Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Норвегиянын ханбийкеси Марта Луиза шаманга турмушка чыкты


Норвегиянын каныкеси Марта Луиза менен Дурек Верреттин тою. Норвегия, 31-август, 2024-жыл
Норвегиянын каныкеси Марта Луиза менен Дурек Верреттин тою. Норвегия, 31-август, 2024-жыл

Норвегиянын ханбийкеси Марта Луиза өзүн шаман деп атаган америкалык Дурек Верреттке турмушка чыкты. Бул тууралуу Рейтер агенттиги жазды.

Жаштар 2019-жылы сүйлөшүп жүргөнүн жарыялашкан. Мыйзамдарга ылайык, Верретт падышанын үй-бүлө мүчөсү болот, бирок өзүнө же жубайынан төрөлгөн балдарына эч кандай расмий наам берилбейт. Марта Луиза падышалык наамын сактап калды.

Үйлөнүү үлпөтү ишембиде норвегиялык Гейрангер шаарында өттү. Тойго Швециянын жана Норвегиянын падышалык үй-бүлөлөрү, жуптун достору, инфлюенсерлер, норвегиялык жылдыздар катышты.

Верретт руханий сеанстарды жана адамдын "жан дүйнөсү менен гармонияда жашоого" үйрөткөн онлайн-курстарды өткөрүп жүрөт. Ал өзүн алтынчы муундагы шаман деп атайт. Кардарларынын арасында таанымал жылдыздар бар.

Марта Луиза периштелер менен сүйлөшкөндү билерин айтат. Кийин периштелердин жардамы менен иштегенди үйрөткөн билим борборун түзгөн.

Бул - падышалардын үй-бүлө мүчөсү жөнөкөй адам менен турмуш курган биринчи учур эмес. 2011-жылы британ ханзаадасы Уильям ак сөөктөргө кирбеген Кэтрин Миддлтонго үйлөнгөн. Кийин иниси, ханзаада Гарри америкалык актриса Меган Маркл менен баш кошкон. Жапониянын императору Акихитонун небереси, ханбийке Мако курсташына күйөөгө чыккан. Ошондон кийин британ ханзаадаларынан айырмаланып наамдарынан ажыраган.

XS
SM
MD
LG