Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Автоунааны кайра каттоодо ОСАГО талап кылына баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 1-сентябрдан баштап автоунааны кайра каттоо жана мамлекеттик белгилерин калыбына келтирүүдө жарандардан машина камсыздандыруудан өткөнү тууралуу документ - ОСАГО полиси милдеттүү түрдө талап кылына баштады. Тиешелүү токтомду Министрлер кабинети 9-августта кабыл алган.

Кыргызстанда автоунаага милдеттүү түрдө камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети 2015-жылдан бери ишке ашпай келет. Улам жылдырылып, 2023-жылдын 1-январынан күчүнө кирмек. Өкмөт анын убактысын дагы жылдырып, 2024-жылдын 1-январына калтырган. Былтыр декабрда 2025-жылдын 1-январына чейин жылганы жарыяланган.

Ал эми Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк жарандар жана чет элдик ишканалар үчүн автоунааны милдеттүү камсыздандыруу 2023-жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген. Башка мамлекеттерде катталган машиналардын ээлери жана айдоочулары, юридикалык жактардын, анын ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчигинде турган машиналар да 2023-жылдын апрелинен тартып ОСАГО полисин ала башташкан.

Автоунааларга милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) берүү лицензиясы 13 ишканага берилген.

Бийлик ОСАГО автокырсыкка кабылып, жабыркаган тарап тарткан зыяндын ордун толтурууга, машина ээлеринин кызыкчылыктарын коргоого керек экенин кайталап келет.

Мамлекеттик каржылык көзөмөл мекемесинин маалыматына караганда, автоунааларды камсыздандыруу полисинин баштапкы баасы 1680 сом. Төлөм машинанын түрүнө, айдоочунун жашы менен тажрыйбасына жана ал жол кырсыктарына канчалык көп учураганына жараша өзгөрүлөт. (BTo)

XS
SM
MD
LG