Бишкектин көчөлөрүнөн 480ден ашык жарнама такталары алынды

Бишкектеги көчөлөрдүн биринен жарнама тактаны алуу учуру.

Бишкек шаарында көчөлөрдөн 480ден ашык жарнама такталары алынды. Бул тууралуу калаа бийлигинин басма сөз кызматы билдирип, шаардагы эскирген көрнөк-жарнак такталардын 96% демонтаждалганын кошумчалады.

Мэриянын маалыматы боюнча, калган билборд-баннерлер боюнча соттук териштирүүлөр жүрүп жатат.

Президент Садыр Жапаров 18-июнда шаар бийлигине Бишкектеги жарнама такталарын заман талабына ылайыктап, өзгөртүүнү тапшырган. Мамлекет башчы шаардагы темир жарнама такталарын толугу менен алууга 31-августка чейин убакыт берген.

Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жарнама такталары жол кыймылына тоскоолдук кылары айтылып, буга чейин бир катар борбордук көчөлөрдөн алынган.

Жарнама такталарын ишкерлер, андан тышкары шайлоо учурунда саясатчылар менен партиялар үгүт иштери үчүн да пайдаланып келген. (BTo)

Дагы караңыз

Матраимовдун “Эрем” спорт клубу Ош шаардык мэриясына өткөрүлдүМилиция Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чарага 80 миңден ашык киши келгенин билдирдиМилиция Нарында аялын бычак менен сайган адам кармалганын билдирдиМиланда Европадагы кыргыз диаспораларынын форуму өттүХарьков шаарында аза күтүү жарыяландыКамчыбек Ташиев жаңы Ак үйгө эл кирип, көрүп чыкса болорун айтты