Камчыбек Ташиев коопсуздуктан улам бир нече адам кармалганын айтты

Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 31-август - Кыргызстандын эгемендик күнүнө карата уюштурула турган майрамдык иш-чаралардын алдында коопсуздук чаралары көрүлүп жатканын билдирди. Бул тууралуу анын тарапташы, журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбуктагы баракчасына Камчыбек Ташиев 29-августта Жалал-Абадда сүйлөгөн сөзү тартылган видеону 30-августта жарыялады.

“Мен таӊкы 4:30 гана үйгө келип, эртеӊ менен кайра бул жакка учуп келдим. Себеби, коопсуздук маселесин карашыбыз керек. Көптөгөн маалыматтар болуп атат. Түнү менен атайын операцияларды жүргүзүп бир нече адамды кармап, ишмердигин токтоттук”. – деди ал.

Камчыбек Ташиев атайын кызмат кимдерди кармаганын тактаган жок. УКМКнын басма сөз кызматы да азырынча маалымат бере элек.

31-августта Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонунун 33 жылдыгы жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына байланыштуу жер-жерлерде массалык иш-чаралар уюштурулат. Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтында кыргызстандык жана чет элдик ырчы-чоорчулар катышкан концерт өтөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 31-августта Бишкектеги майрамдык иш-чаралар учурунда 5 миңден ашык кызматкер коомдук тартипти көзөмөлдөй турганын билдирген. (BTo)

Дагы караңыз

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу катышат Иран полиция "ачууга алдырган" окуя боюнча маалымат бердиГермания абактагы 28 ооган жаранын мекенине жөнөттүИмамидин Ташовдун иши боюнча баштапкы соттук угуу аяктадыПакистанда жер көчкүдөн 12 кишинин өмүрү кыйылды Ташиев ипотекалык үйлөр коррупциядан өндүрүлгөн акчага салынып жатканын айттыISW: Орусия Украинанын стратегиялык шаарын басып алуу үчүн эки тараптан чабуул жасоодоНуржигит Кадырбеков мандатын тапшыруу боюнча БШКга арыз жазды