Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:57

Иран полиция "ачууга алдырган" окуя боюнча маалымат берди


Мохаммад Мирмусави.
Мохаммад Мирмусави.

Иран бийлиги абакта отурган жарандарынын биринин өлүмүнө байланыштуу бүгүн 30-августта билдирүү таратып, офицерлер «ачууга алдырып жибергенин» моюнуна алды. Өлкөнүн Улуттук полиция башкармалыгы өлүмгө анын жана офицерлердин ортосунда жаралган тиреш себеп болгонун белгиледи.

Окуя апта башында өлкөнүн түндүк аймагында жайгашкан Гилян провинциясында болгон. 36 жаштагы Мохаммад Мирмусави 24-августта көчөдөгү мушташка шектүү катары кармалып, Лангаруд шаарынын полиция бөлүмүнө камакка алынгандан үч күндөн кийин каза болгон.

Hengaw укук коргоо тобунун маалыматына караганда, полиция бөлүмүндө ал катуу сабалган.

Күч кызматкерлеринин мыкаачылыгы тууралуу айыптоолордон улам Иран президенти Масуд Пезешкиан тыкыр иликтөө жүргүзүүгө буйрук берген. 2022-жылы 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен 22 жаштагы студент кыз Махса Амини абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр кыз катуу сабалганын айтып беришкен.

Амининин абактагы өлүмүнөн кийин өлкөнүн бир нече аймагында нааразылык акциялары башталган, жүздөгөн киши кармалып, кеминде 200дөйү дарга асылган. (RK)

XS
SM
MD
LG