Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:58

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу катышат


Кыргызстандык спортчулардын параддык жана спорттук кийимдери.
Кыргызстандык спортчулардын параддык жана спорттук кийимдери.

Казакстанда өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстандан 253 спортчу катышат. Алар спорттун 21 түрү боюнча күч сынашат. Бул тууралуу "Азаттыкка" 30-августта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргызс спортчулардын параддык жана спорттук кийими даяр болгону да ушул күнү маалымдалды.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Астанада 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин өтөт. Ага 73 мамлекеттен 4000 спортчу келери күтүлүүдө. Мелдештер калаанын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комлпект медаль ойнотулат.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2022-жылдын 29-сентябрынан 2-октябрына чейин Түркиянын Изник шаарында өткөн. Ага 102 өлкөдөн үч миңдей спортчу катышкан. Кыргызстандык спортчулар спорттун 14 түрүнөн барып, 58 медалга ээ болушкан. Анын ичинде 16 алтын, 17 күмүш жанан 25 коло. (SE)

XS
SM
MD
LG