Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:55

Германия абактагы 28 ооган жаранын мекенине жөнөттү


Оогандык келгиндин колунан каза тапкан полиция кызматкерин эскерүү. Мангейм шаары. 14-июнь 2024-жыл.
Оогандык келгиндин колунан каза тапкан полиция кызматкерин эскерүү. Мангейм шаары. 14-июнь 2024-жыл.

Германия Ооганстанда бийликке «Талибан» келгенден бери биринчи жолу ооган жарандыгы бар кылмышкерлерди мекенине депортация кылды. Аймактык Ички иштер министрлиги билдиргендей, Лейпциг шаарынын аэропортунан Qatar Airways авиакомпаниясынын чартердик учагы менен Германиянын бир нече аймагында соттолуп, абакта кармалып отурган 28 оогандык мекенине жөнөтүлдү.

Журналисттердин маалыматына караганда, Берлин Кабул менен түздөн-түз сүйлөшүү жүргүзгөн жок, ортомчулук жардамын Катар мамлекети көрсөттү.

Германия канцлери Олаф Шольц Мангейм шаарындагы кол салуудан кийин Ооганстандын жана Сириянын өзгөчө оор кылмыш жасаган жана террорчулукка шектелип жаткан жарандарын мекенине кайтаруу жараяны кайрадан уланарын быйыл май айында билдирген.

Мангейм шаарында өткөн митингде 25 жаштагы ооган жараны полиция кызматкерине бычак менен кол салган. Эки күндөн кийин ал ооруканада каза болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG