Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:48

Пакистанда жер көчкүдөн 12 кишинин өмүрү кыйылды


Хайбер-Пахтунхва.
Хайбер-Пахтунхва.

Пакистанда тынбай жааган нөшөр жаандан кийин жер көчкөн аймакта кеминде 12 кишинин өмүрү кыйылганын өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы билдирди. Кырсык Хайбер-Пахтунхва провинциясында, соңку бир нече күндөн бери жаан тынбай жаап жаткан Жогорку Дир аймагында бүгүн 30-августта болду.

Каза тапкандардын үчөө аял, үчөө эркек, калгандары балдар, баары бир үй-бүлөдөн чыккан жакын туугандар экени, кырсык жумага караган түнү, эл уктап жаткан учурда болгону, куткаруучулар сөөктөрдү алып чыгышканы кабарланды.

Азыркы тапта да Пакистандын айрым аймактарында нөшөр жаан жаап жатат, бийлик мындай абал сел, ташкын жана көчкү коркунучун жаратышы ыктымал экенин эскертүүдө.

Быйыл 1-июлдан тартып бул өлкөнүн бир нече районунда жаан-чачындын айынан пайда болгон түрдүү жаратылыш кырсыктарынан кеминде 275 адамдын өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG