Кыргызстан Ооганстан менен товар жүгүртүүнү көбөйтүү тууралуу сүйлөштү

Назарбек Малаев менен Нуриддин Азизийдин жолугушуусу.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги расмий Бишкек Ооганстан менен товар жүгүртүүнү көбөйтүү тууралуу сүйлөшүү жүргүздү.

Бул тууралуу 29-августта Өзбекстандын Термез шаарында Кыргызстандын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев менен Ооганстандын өнөр жай жана соода министринин милдетин аткаруучу Нуриддин Азизийдин жолугушуусунда сөз болду. Анда тоо-кен, нефтини кайра иштетүү жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды. Жолугушууда Ооганстандын өнөр жай жана соода министрлигинин башчысынын Кыргызстанга боло турган сапары талкууланды.

Ооганстанды 1996-2001-жыдары башкарган “Талибан” кыймылы бийликти 20 жылдан кийин, 2021-жылы август айында америкалык аскерлер өлкөдөн чыгып кеткенден кийин кайрадан өз колуна алган.

Кыргызстан азырынча “Талибанды” Ооганстандын расмий бийлиги деп тааныбай турганын 6-апрелде Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов “Азаттыкка” билдирген. Ал расмий Бишкек ушул тапта Ооганстандагы кырдаалга тыкыр көз салып, гуманитардык абалды жөнгө салууга салым кошуп жатканын айтып, “Талибанды” биз дипломатиялык жол менен тааный элекпиз”, - деген. Расмий Бишкек бирок Кабул менен диалогго баруу зарыл экенин билдирген.

Казакстан “Талибанды” өлкөнүн террорчул уюмдар тизмесинен чагырган. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкектеги “Аккула” ат майданынын ордуна чет элдик компания кичи район куратЖогорку соттун коллегиясы "Клооп Медианы" жоюу тууралуу чечим чыгарды CPJ Жогорку Соттун "Клооп Медиа" боюнча чечимин айыптаган билдирүү тараттыГермания: Золингендеги кол салуу боюнча кармалган кыргызстандык өспүрүм бошотулганы маалым болдуМурдагы Советтер Союзунан чыккан этностук немистер "эскерүү марафонун" өткөрүштү Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин мурдагы келини 12 жылга кесилди Орусияда коргоо министринин мурдагы орун басары Павел Попов кармалды