Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:40

Орусияда коргоо министринин мурдагы орун басары Павел Попов кармалды


Орусиянын коргоо министринин мурдагы орун басары Павел Попов
Орусиянын коргоо министринин мурдагы орун басары Павел Попов

Орусиянын Тергөө комитети өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары Павел Поповго каршы 29-августта иш козгоду. Ал алдамчылыкка шектелип камалганы маалым болду.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2021-2024-жылдары Попов өзү көзөмөл жүргүзгөн "Патриот" паркынын "эсебинен байыган". Ал парктын башчысы Вячеслав Ахмедов жана министрликтин Инновациялык өнүгүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Владимир Шестеров менен бирге шылуундук кылганы белгиленет. Шестеров менен Ахмедовго каршы да кылмыш иштери козголгон.

Попов "Патриот" паркынын эсебинен оңдоп-түздөөчү иштерди уюштуруп, өзүнүн үйүнө курулуш материалдарын жеткиргени Тергөө комитетинин билдирүүсүндө жазылат.

Попов коргоо министринин орун басары болуп 11 жыл эмгектенген соң эки ай мурда иштен алынган.

ТАСС агенттиги укук коргоо органдарына таянып, жалпысынан 40 миллион рублдан ашуун акча кымырып алынганын жазды. Ахмедов менен Шестеровдун мүлктөрү да камакка алынган.

Президент Владимир Путин быйыл майда жакын санаалашы Сергей Шойгуну Коргоо министрлигин башчылыгынан алып, анын ордуна Андрей Белоусовду дайындагандан бери мекеменин бир катар жогорку даражалуу кызматкерлери коррупцияга айыпталып камалышты.

2016-жылы ачылган "Патриот" паркы 3500 гектардай жерди ээлейт. Анда аскердик музейлер, армиянын православдык чиркөөсү, тарыхый салгылаштарды реконструкциялоочу жай курулган.

XS
SM
MD
LG