Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:35

Мурдагы Советтер Союзунан чыккан этностук немистер "эскерүү марафонун" өткөрүштү


Мурдагы Советтер Союзунан чыккан этностук немистер Казакстан, Германия, АКШ жана Орусияда пикет өткөрүштү. 28-август, 2024-жыл.
Мурдагы Советтер Союзунан чыккан этностук немистер Казакстан, Германия, АКШ жана Орусияда пикет өткөрүштү. 28-август, 2024-жыл.

Эл аралык "эскерүү марафонунун" максаты - диктатор Иосиф Сталиндин маалында жана Советтер Союзу урагандан кийин немис улутундагылар кабылган басмырлоо, куугунтуктоо тууралуу коомду кабардар кылуу.

Украинадагы Этностук немистер асооциациясынын төрагасы Вячеслав Бодров "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 26-28-август күндөрү бул иш чара Германияда, Казакстанда, Украинада жана Кошмо Штаттарда өткөрүлдү.

"Бул чоң көйгөйгө көңүл бурдуруу жана ар кайсы мамлекеттерде тилектештик билдирүү үчүн мурдагы Советтер Союзунан чыккан этностук немистер өткөргөн алгачкы [эл аралык] иш чара. Марафондун жардамы менен Советтер Союзу маалында жана андан кийинки Орусияда немис азчылыгы көргөн запкы тууралуу элдин эсине салабыз", - деди Бодров.

Украинада согуш башталганы немис улутундагы эркектер фронтко азгырыла баштаганын Бодров белгилейт. Ал Украинада Орусиядан азгырылган 500дөй этностук немис курман болгонун билдирди.

Бодровдун айтымында, Москванын Украинадагы согушу боюнча Орусиядагы немистердин уюмдарынын пикири ар кандай. Айрымдары ачык айыпташса, башкалары үн катпай, көмүскөдө калууну туура көрөт.

Марафондун алкагында, бир катар өлкөлөрдө пикеттер уюштурулду. Анын катышуучулары "Кремль орусиялык немистерди өлүмгө айдап жатат", "Мурдагы Советтер Союзундагы немис азчылыгын куткаргыла" деген жазуулары бар кагаздарды көтөрүп турушту.

Алар Орус Империясына XVIII кылымда Екатерина II чакыруусу менен барган немистердин урпактары деп саналат. Кийин 1941-жылы нацистик Германия СССРге кол салганда Германия Автономдук Советтик Социалисттик Республикасы жоюлуп, 400 миңдей этностук немис Казакстанга, Кыргызстанга жана Сибирге депортацияланган.

1980-жылдардын соңунда 1990-жылдардын башында миңдеген немис улутундагылар Германияга эмиграцияга кеткен.

XS
SM
MD
LG