Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин мурдагы келини 12 жылга кесилди


Гүлмира Сатыбалды сотто.
Гүлмира Сатыбалды сотто.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин иниси Кайрат Сатыбалдынын мурдагы аялы 12 жылга эркинен ажыратылды. Алматы соту 29-августта чыгарган өкүмүнө ылайык, Гүлмира Сатыбалды опузалоо, өз билемдик менен башкаруу, кимдир бирөөнү күчтөп камоо боюнча күнөөлүү деп табылды. Анын үй-мүлкүн конфискациялоо чечими да кабыл алынды.

Бул иш боюнча айыпталып жаткан экинчи соттолуучу Мади Батыршаевди дагы сот күнөөлүү деп таап, тогуз жылга абакка кести.

Экөө тең тагылган айыптарды четке кагышты. Андан тышкары сот Сатыбалдыны жабырлануучуларга 2,9 миллиард тенге төлөп берүүнү милдеттендирди.
Жабырлануучулардын арасында Гүлмира Сатыбалдынын күйө баласы, тактап айтканда сиңдисинин күйөсү да бар.

2023-жылы Сатыбалдыны Кызылордо шаарындагы сот кимдир бирөөнүн мүлкүн тартып алууга айыптап сегиз жылга эркинен ажыраткан. Андан бир аз мурда Астанадагы райондук сот адам уурдоону уюштуруу жана өз билемдик менен башкаруу беренелери боюнча күнөөлүү деп таап жети жылга түрмөгө кескен.

Гүлмира Сатыбалды ага каршы козголгон кылмыш иштердин бардыгынын саясий мүдөсү бар экенин белгилеп келет.

Анын мурдагы күйөсү, Кайрат Сатыбалды 2022-жылдын күзүндө алты жылга эркинен ажыратылган. Кийин бийлик Сатыбалды мамлекетке уурдалган активдерди кайтарып бергенин билдирген.

Жакында эле сот Кайрат Сатыбалдынын жаза мөөнөтүн абакта эмес, үч жылга пробациялык көзөмөл астында өтөөгө уруксат берди.

XS
SM
MD
LG