- Эрмат мырза, сиз президенттин Таластагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп ишке киришкениңизге үч жумадан ашып калды. Буга чейинки жетекчилик Таласта алгылыктуу иш кылган эмес деген негизде жумуштан бошотулду. Сиз ишти эмнеден баштап, кайсы катаны оңдойсуз?
- Негизги көйгөйлөрдүн бири - социалдык маселелер. Облус аймагында мектеп, бала бакчалар жетишпейт. Таза суу менен жалпы эл камсыз боло элек. Менин кызматка дайындалганыма 20 күндөн ашты. Ушул күндөр ичинде Айтматов районунун ар бир айылын кыдырып чыктык. Ал жерде социалдык көйгөйлөрдөн сырткары облустун эң негизги тиричилиги болгон төө буурчактын түшүмдүүлүгү азайып кетиптир. Мурун облус аймагында 200 миң тонна өндүрүлө турган болсо, азыркы көрсөткүчтөр 40 миңдин тегерегинде болуп калыптыр. Андан сырткары облус аймагындагы туризм багытын өнүктүрүү керек. Таластын жаратылыш чөйрөсү ажайып кооз. Беш-Таш, Үрмарал, Кара-Коюн, Кең-Кол сыяктуу коруктар бар. Манас Ордону реконструкциялоону ойлонуп жатабыз. Ал салынгандан бери жакшы ремонт жүрө элек. Ал жерге көпчүлүк барган учурда дем, күч алгандай кылып долбоорлорду баштайлы деп жатабыз. Менин дайындалганыма аз эле болду, алдыда дагы пландарыбыз болот. Азыр мен бир районду эле кыдырып чыктым, баары менен таанышып чыккандан кийин сөзсүз кошумчалар болот.
Дагы караңыз
Талас: иш козголгон жетекчилер, токтогон курулуш- Таласта “Альянс алтын” компаниясы иштеткен Жерүй кени бар. Мындан эки жыл мурун ушул кендин пайдасы менен облус дотациядан чыкканы кабарланган эле. Ошол эле маалда жергиликтүү бийликке кенден түшкөн акча сарамжалдуу пайдаланылбай, бир катар жетекчилер камалып чыккан учурлар болду. Сиздин оюңузча, кендин пайдасын жергиликтүү эл кандай көрүшү керек?
- Буйрук чыгып, дайындалган соң эле 2-3 күндөн кийин акимдерди алып атайын Жерүй кенинин иши менен таанышып келдим. Экологияга зыян келтирбейби, канча алтын өндүрүлдү, анын канча пайызы Таластын өнүгүшүнө жумшалып, келишимдин негизинде кандай милдеттер аткарылып жатат - ошонун баарын тактап билгенге аракет кылдык. Учурда облуска бир топ каражат бөлүнүп, Жерүйдүн пайдасы көп тийип жатат. Андан сырткары, сиз айткандай, сапатсыз жасалып калган иштерден улам кылмыш иши козголуп, жоопко да тартылгандар бар. Ырас, жаңы сунуштарды өкмөт менен макулдаша элекпиз, азырынча жөн гана биздин оюбуз.
- Жерүйдөн түшкөн каражат менен бүгүнкү күндө социалдык маселени чечкенди токтотуш керек. Социалдык маселени өкмөт тараптан, жергиликтүү жана республикалык бюджеттин эсебинен чечишибиз керек. Ал эми Жерүйдөн түшкөн каражатты облустун экономикалык өнүгүшүнө жумшашыбыз керек. Анткени жаңы өндүрүш, жаңы ишканаларды ачканга үстөк пайызы аз насыяны ишкерлерге берсек, алар жумушчу орундарды түзөт. Акча кайтарымдуу болот. Таласта мейманкана маселеси өтө курч. Жакшы мейманкана салганга 1 млн доллардын тегерегинде акча жумшалат. Эгерде биз миллион долларды 5% менен 10 жылга насыяга бере турган болсок, бул акча айланып көбөйүшү керек. Мисалы, бүгүнкү күндө 350-400 млн сом облустук фондго түшүп жаткан болсо, ал акчаны биз ушундай багытта колдонсок, фонддун акчасын 7-8 миллиард сомго чыгарып алсак, андан сырткары көп жумушчу орундар түзүлүп калса, облуска жеңил болот эле. Бул экономикалык пландар. Тигил акчаны чоң долбоорго жумшаганга мүмкүнчүлүк болот эле. Себеби Жерүй дагы канча иштээрин билбейбиз, түшкөн акчаны жыртык-тешикке жумшай берсек, өнүкпөйбүз да.
Дагы караңыз
Талас: союздан калган эски автобус- Таласта башка аймактардай инфраструктура көйгөйлөрү бар. Дал ушул алтын иштетүүдөн түшкөн каражат бул багытта эмне үчүн жумшалбайт деген сындар айтылып жүрөт. Мисалы, буга чейин жол маселесин көтөрүп, бир нече жолу нааразылык акцияларына чыккан Нылды, Сары-Булак айылынын жашоочуларынын тилеги качан орундалат?
- Инфраструктура маселеси боюнча акыркы жылдары бир топ жолдор жасалып жатат го. Буюрса кийинки жылы жазында Талас-Тараз жолун баштайбыз. Аны менен катар Талас шаарына жаңы асфальт завод алып келгени жатабыз. Бул муниципиалдык болот.
Дагы караңыз
"Отургуч сынган, жатакана жок". Көңүл сыртында калган Талас университети- Соңку жылдары Таласта бир катар мамлекеттик органдардын имараттары салынды. Ошол эле маалда аймактагы жалгыз университеттин абалы начар экени, ушул күнгө чейин жатакана маселеси чечилбегени айтылып келет. Бул жагынан кандай аракет көрүлөт? Дегеле Таласта билим берүүгө көңүл бурулбай калганы буга чейинки сынактардын жыйынтыгында айтылбадыбы беле?
- Бүгүн эле мугалимдердин август конференциясына катышып келип, ушул боюнча баарлаштык. Биз билим берүү багытына жакшы көңүл бурабыз. 2025-2026-жылдары Талас мамлекеттик университетине дагы көп жаңылануу киргизебиз. Бул жерде Билим берүү министрлиги четте турбайт болуш керек. Сизге кошулам, Таласта жалгыз университет болгондон кийин ага жакшы колдоо көргөзүп, балдардын сапаттуу билим алышына толук күчүбүздү жумшайбыз.
Дагы караңыз
"Чыгымды актабай калды". Таласта төө буурчак эккендер азайды- Өзүңүз айткандай, Таласта калктын көпчүлүк бөлүгү төө буурчак эгүү менен алектенет. Соңку жылдары анын түшүмдүүлүгү азайып, дыйкандар башка эгиндерге өтө баштады. Төө буурчактын түшүмдүүлүгүн арттырууга кандай аракет жумшайын деп жатасыз?
- Төө буурчактын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча конкреттүү план иштеп чыктык деп айта албайм. Бирок бүгүнкү күндө көрүнүп жаткан көйгөй - эң биринчи лаборатория керек экен. Себеби быйылкы жылы жерге кандай азык берип, кайсы эгинди өстүрүшүбүз кажет, ошону аныкташыбыз керек. Дарыланайын деп барганда биринчи ооруну аныктоо керек да. Экинчи маселе - бул которуштуруп айдоо. Түшүмдүүлүктүн азайып кетишинин себеби, бир эле жерге 10 жылдан ашык кайра-кайра төө буурчак айдала берген. Ошондуктан биринчи лаборатория куруп, анан которуштуруп айдоого өтө башташыбыз керек.
- Сизди эл арасында президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам Жапаров менен достук мамилеси бар, ошонун арты менен чоң кызматка барды деп айтып калышат. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Кандай десем, эми ар ким оюна келген нерсени айта берет турбайбы. Рустам менен эч кандай тааныштыгым жок. Тааныша элекмин дагы. Кандай бала экендигинен кабарым деле жок. Эми өзүбүздүн аракет менен эле колубуздан келишинче эмгегибизди элге өтөдүк. Менимче, жетекчилик биздин жөн гана мамлекет үчүн кылып аткан кызматыбызга баа берип жатат.
Дагы караңыз Иликтөө: Президенттин уулу, Туманбаевдин аты аталган курулуштар- Эрмат Жумаев 1991-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Каракол айылында туулган.
- Өмүр баянында үй-бүлөлүү, беш баласы бар, жогорку билимдүү экени, 2009-2017-жылдары Кыргыз мамлекеттик архитектура, курулуш жана транспорт университетинин Тоо-кен иштери жана металлургия факультетин аяктап, "тоо инженери" адистигине ээ болгону жазылган.
- 2017-жылы Каракол шаардык кеңешине депутат болуп шайланган. 2020-жылы Каракол шаарындагы “Жашыл-Чарба” муниципиалдык ишканасына жетекчи болгон. Октябрь окуясынан кийин Каракол шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылы Каракол шаарына мэр болуп шайланган. 2023-жылы 13-майда президенттин жарлыгына ылайык Талас шаарынын мэри, 2024-жылы 2-августта президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.
- Ал Таласта чоң кызматка коюлганда Кыргызстандагы эң жаш облус башчысы катары сыпатталган.