Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:18

Иликтөө: Президенттин уулу, Туманбаевдин аты аталган курулуштар


OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” басылмаларынын иликтөөсүнүн иллюстрациясы.
OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” басылмаларынын иликтөөсүнүн иллюстрациясы.

OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” медиалары биргелешкен иликтөө жарыялап, Кыргызстандагы мамлекеттик ири курулуштар өлкө башчысы Садыр Жапаров, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жакын адамдарынын компанияларына берилгенин айтып чыкты. Президенттин администрациясы иликтөөнү “манипуляция” деп атап, айтылган маалыматтарды четке какты. 

Ири долбоорлорду кимдер колго алды?

Үч медиа соңку жылдары башталган ири 11 мамлекеттик курулушту кимдер жүргүзүп жатканын иликтеди.

Анда президент Садыр Жапаровдун жакындары, уулу Рустам Жапаровдун досу, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин тааныштарынын компаниялары өлкөдөгү ири курулуштарды колго алганы айтылат.

Маселен, иликтөөдө Рустам Жапаровдун досу делген 24 жаштагы рэп аткаруучу Эламан Токтобеков бир нече мамлекеттик ири курулушту жүргүзгөн "Модуль Хаус" компаниясына ээлик кылгандардын бири экени жазылат. Бул компаниянын дагы бир ээси Кочкорбек Жуманазаров Туманбаевдин таанышы экени айтылат.

Иликтөөдөн алынган сүрөт.
Иликтөөдөн алынган сүрөт.

Баткенде үй курган, Бишкектеги ипотекалык курулуштарды жүргүзүп жаткан деп айтылган "Аманат Строй Инвест" компаниясы - 26 жаштагы Адилет Нурланбек уулуна таандык экени, ал президенттин бир тууганын баласынын досу экени белгиленет. Журналисттер бул компаниянын дагы бир ээси катары Туманбаевдин жердеши делген Давид Камбаров деген адамды атаган.

Иликтөөнүн авторлорунун бири, журналист Болот Темиров буларга токтолду:

Болот Темиров.
Болот Темиров.

“Каныбек Туманбаев мурунку президенттер жана азыркы президенттин учурунда дагы коррупциялык схемаларды ишке ашырып жүрөт. Атамбаевдин убагында Илмиянов менен Туманбаевге анын компаниялары катталган. Жээнбековдун учурунда “Кыргыз темир жолунун” ичинде коррупциялык схемаларды түзгөн. Азыр Садыр Жапаровдун учурунда иш башкармалыкты жетектеп, долбоорлор Туманбаев жана Жапаровдун жакындарына тиешелүү курулуш компанияларына берилген”, - деди журналист.

"Модуль Хаус", "Евро Шпал", "Сапат ЖолСтрой", "Аманат Строй Инвест", "Иншаат Строй Билдинг" деп аталган компаниялар Балыкчыдан Кара-Кечеге чейинки темир жол үчүн шпал даярдоо, чек ара жаңжалынан кийин Баткен облусунда турак жай салуу, Президенттин жаңы администрациясын куруу, Караколдун аэропортун жаңылоо, “Асман” шаарын куруучулар үчүн жатакана салуу, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында үйлөрдү салуу, Ысык-Көлдөгү балдардын реабилитациялык борборун оңдоо, “Ала-Арча” улуттук паркына конок үйлөрдү салуу, Ысык-Көлдөгү Жыргалаң курортун реконструкциялоо жана Бишкектеги ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча эки долбоорду ишке ашырып жатканы белгиленген. Журналисттер иликтеген беш долбоордун наркы 137 млн. доллар деп бааланган, калганы боюнча маалымат табылган эмес.

Үч президенттин тушундагы Туманбаев

“Журналисттер Туманбаев башкарып турган Президенттин иш башкармалыгы кандай иштеп жатканын билген адамды таап чыгышты. Көптөгөн интервьюлар учурунда коопсуздугу үчүн атын атоодон баш тарткан инсайдер бул долбоорлор ичинен кандай иштей турганын айтып берди. Анын айтымында, маанилүү мамлекеттик долбоорлордун арасынан кээ бири Туманбаевдин айланасындагы адамдарга баш ийген, ал тургай кээде Жапаровдун өзүнүн жакындарына караштуу компанияларга ишке ашырууга берилген. Инсайдердин айтымында, бул компанияларды Туманбаев көзөмөлдөйт. Алардын чыныгы директорлору менен акционерлерине тек гана Туманбаев өзү тапшырма берип турат”, - деп айтылат үч медианын биргелешкен иликтөөсүндө.

Анда Каныбек Туманбаев мурдагы президенттер Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековдун тушунда бийликке жакын адамдардын бири болгону белгиленген. Маалыматка ылайык, Туманбаев 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин «Социал-демократтар» партиясынан парламент депутаттыгына талапкерлигин койгон. Ал Атамбаевдин айдоочусу, убагындагы таасирдүү жакын адамы Икрамжан Илмиянов менен жакшы мамиледе болгону айтылат. Сооронбай Жээнбековдун тушунда, 2020-жылдагы жыйынтыгы жокко чыгарылган шайлоодо бийликчил «Биримдик» партиясынан ат салышкан. Туманбаев 2022-жылы май айында Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси кызматына дайындалган. Анын аты буга чейин бир нече иликтөөлөрдө аталган.

OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” басылмалары бул маселелер боюнча Президенттин администрациясынан жана Президенттин иш башкармалыгынан комментарий ала албай койгонун билдирген.

Бийлик бардык маалыматтарды четке какты

Материал жарыяланган соң Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков иликтөө тууралуу текст түрүндө комментарий берди.

Дайыр Орунбеков
Дайыр Орунбеков

"“Клооп” менен журналист Болот Темиров буга чейин да көп жолу жалган айыптоолорду, такталбаган маалыматтарды жарыялап келишкен. Бири өлкөдөн чыгарылган, экинчиси мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген маалыматтары үчүн ишмердүүлүгү токтотулган. Алардын кезектеги иликтөөсү каралоо максатында даярдалган деп белгилейм. Келтирген аргументтери өңчөй манипуляция. Чынын айтыш керек, буларга эч ким ишенбейт. Себеби, мамлекетте жасалып жаткан иштердин натыйжаларын эл көрүп жатат. “Клооп”, Темировдор буга чейин да калптарды жазып келген, мындан ары да уланта беришет. Буга жакшы жооп бар, “ит үрө берет, кербен жүрө берет”. Жетекчибиз дагы, мындан кийин Болот Темиров сыяктуу жалганчыларга эч кандай реакция жасап, алаксыбагыла деген багыт берген. Андыктан бул иликтөөгө көңүл буруунун да кереги жок”, - деди Орунбеков.

Журналисттердин биргелешкен материалында буга чейин “Азаттык” жарыялаган Баткенде курулган үйлөр, президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушу жөнүндө иликтөөлөрү да камтылган. “Азаттык” буга чейин Туманбаевдин аты аталган ири курулуштагы күмөндүү жагдайларды иликтеген. Бийлик анда айтылгандарды четке каккан болчу.

Эркин журналист Жаннат Токтосунова ар кандай күмөндүү сөздөр болбошу үчүн мамлекеттик ири курулуштар ачык-айкын болушу керек деп эсептейт.

“Түшүнүксүз компаниялар, эч кандай техникалык негизи жок, кандай каражат сарпталып жатканынын жоктугу чоң күмөн жаратууда. Азыр тийиштүү реакция болбогону менен, кийин азыркы иштердин иликтөөлөрүнө негиз болот деп ойлойм”, - деди журналист.

Иликтөөдө Садыр Жапаров бийликке келгени мамлекеттик алып-сатуу, курулуштардагы тендер системасына өзгөртүү киргизилгени, ири долбоорлордун каржылык чыгымдары ачык болбой жатканы сындалат. Президент Жапаров буга чейин тендер жөнүндө түшүндүрмө берип, курулуштарга ашыкча баа кошулуп жатат деп сындаган.

Президенттин курулуштар жана жакындары жөнүндө пикири

Президент Садыр Жапаров 2022-жылы апрель айында мамлекеттик "Кабар" агенттигине маек куруп, курулуштар жөнүндө пикирин айткан.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

"Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. Баарыбыз бул дүйнөдөн өтөбүз. Убакыт өткөндөн кийин унутулабыз. Ал эми жасап кеткен иштерибиз, салып кеткен имараттарыбызды келечек муун дайыма эстеп, атыбызды атап жүрүшөт. Имарат салып жатсам, мен аны көрүмө көтөрө кетпейм. Эл үчүн, келечек муун үчүн калат",- деген Жапаров.

Ал жакында эле өзүнүн туугандары жөнүндө айтылып жаткан сөздөргө мындай комментарий берген:

"Тескерисинче, чет өлкөлөрдөн бул жакка инвестиция алып келип жатышат. Мен бир туугандарыма жана үй-бүлөмө: “Мурдагылардын катасын кайталабагыла, алардын катасынан сабак алгыла, өмүр бою жашооңор Кыргызстанда өтөрүн унутпагыла, эл менен болгула!”,- деп дайыма эскертип турам. Мен дагы мурдагылардын катасын кайталабайм. Үй-бүлө, бир-туугандарымды мамлекеттин ишине аралаштырбайм. Буга күчүм жетет", - деди Жапаров.

Үч медиада аты аталган долбоорлор соңку үч жыл ичинде ар кайсы убакта башталган. Айрымдары аяктаса, кээлери дале уланууда.

АЗАТТЫКТЫН ИЛИКТӨӨСҮ

Бул темада "Азаттык" радиосу былтыр иликтөө жасаган. 2023-жылдын июнунда Баткенге барган “Азаттыктын” журналисттери Достук жана Капчыгай айылында үй салган эки компания ишкерлердин 20 миллиондон ашык сомун бере электиги тууралуу билип келип, видео жана макала жарыяланган. Ага чейин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта кыйраган үйлөрдү куруу үчүн “Аманат Строй Инвест” жалдаган айрым компаниялар жергиликтүү ишкерлердин акчасын бербей убара кылып жатканы Жогорку Кеңеште бир нече жолу айтылып, тендерди уткан компанияны жоопко тартуу маселеси көтөрүлгөн болчу.

Баткен: Миллиондорун доолаган ишкерлер, “Аманат строй инвест” жалдаган компаниялар
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:57 0:00

Ал эми 2023-жылдын сентябрында чыккан "Азаттыктын" иликтөөсүндө Бишкектеги президенттик жаңы комплекстин курулушу тууралуу сөз болгон.

Аны куруп жаткан “Иншат строй билдинг” компаниясы акысына шаардын түштүк тарабынан 25,7 гектар жер алып жатканы, бирок келишимдин шарттары, баасы коомчулукка ачык айтыла электиги белгиленип, курулушка жооптуу аткаминерлер менен “Иншаат строй билдинг” компаниясынын байланыштары иликтенген.

Жаңы Ак үй үчүн жер алгандар Туманбаевдин адамдарыбы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:50 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG