"Быйыл төө буурчак айдабайм"
Таластын Манас айылынын тургуну Кайрат Абдырахманов өткөн жылы бир гектар жерине төө буурчактын "лопатка" сортун эгип, жыйнай келгенде түшүмү жакшы болбой калганын айтууда:
"Бир гектар жерге айдагам, эки башка жакта болчу, 50 сотыхтан. Анын жарымы чыкпай, жарымын эле иштетип калдым. Алты-жети эле кап жыйнадым. Мурда эки тоннадан айланчу. Акыркы бир-эки жылдан бери азайып калды. Гектарына 800 кг же 1 тонна, жакшы болсо 1,5 тонна болуп калды. Эми быйыл жүгөрү менен картөшкөгө өтөт, төө буурчак айдабайм".
Таласта төө буурчак 90-жылдардын ортосунда эгиле баштаган. Андан бери жергиликтүү калктын киреше булагына айланган. Бирок соңку жылдары түшүм азайып, талаа иштерине кеткен чыгымды жаппай жатканы көйгөйгө айланды.
Облустук бийликтин маалыматында, өткөн жылы Таласта 51 682 гектар жерге төө буурчак эгилген. 2022-жылы облус боюнча 80 миң тоннадан ашык төө буурчак жыйналган, 2023-жылы бул 72 миң тоннаны түзгөн.
Мындан үч-төрт жыл мурда төө буурчак талаалары 60 миң гектарга жакын аянтты ээлечү.
Түшүм азайып кеткендиктен айыл чарба адистери жергиликтүү элге жерди которуштуруп айдап, урукту жаңылоону сунуштап жатат. Президенттин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн агрардык өнүктүрүү секторунун башчысы Эмилбек Тууганбаев мындан тышкары үрөндү жаңыртуу маанилүү экенин белгиледи.
"Биз азыр дыйкандарды жерди которуштуруп айдоого чакырабыз. Азыр башка өсүмдүктөрдүн дагы баасы жогору болуп жатат. Жер кыртышын калыбына келтирүү үчүн көп жылдык чөпкө же башка жер-жемиштерге өткүлө деп сунуштадык. Мындан сырткары үрөн боюнча дагы көйгөй бар, анткени көп жылдан бери жаңысын алып келбей, улам эле бир түрдү эге берсе, бул дагы түшүмдүн азайышына себепкер болот экен. Былтыр ишкерлерибиз жаңы үрөн алып келишкен. Ошону жайылтуу жана дагы башка үрөн таап келүү боюнча иштер жүрүп жатат".
Көп жылдан бери төө буурчак айдап дыйканчылык кылган Турарбек Кутманалиев өткөн жылы Түркиядан төө буурчактын жаңы уругун алдырган. Бирок анын көлөмү аз болгондуктан облуска жайылтуу мүмкүн болбой турат. Мындан улам өткөн айда Бишкекте өткөн “Агро-Диалог” иш-чарасына катышып, өкмөт өкүлдөрүнө кайрылганын айтууда:
"Ал жерден Акылбек Жапаров Таласка жаңы үрөн алып берем деп убада кылды. Бакыт Төрөбаев менен дагы сүйлөшүп, сунуштарыбызды бергенбиз. Эми мамлекет колдойбу же жокпу, билбей жатам. Жаңы сорт албасак, өзүңөр көрүп тургандай, майдаланып кетти. Дүйнө жүзүндө жаңы уруктарга өтүп жатышат. Биздин эски төө буурчакты эч ким албайт".
Облуста түшүмдүн азайышын кургакчылыкка байланыштыргандар да бар. Маселен, өткөн жылы аймакта дыйкандар суу тартыштыгына нааразылык билдиришкен.
Талас дарыясындагы суу Киров суу сактагычына жетпегенден улам Манас районундагы жана коңшу Казакстандын Жамбыл облусундагы дыйкандар зыян тартышкан.
Айтматов районунун тургуну Келсинбек Майрамбеков былтыр төө буурчагы жакшы сугарылбай калып, аз түшүм алгандардын бири.
"1,5 гектар жериме төө буурчактын "скороспелка" сортун эккем. Башында жакшы эле чыккан. Анан чанак байлай баштаган кезде жамгыр жаабай, суу дагы тартыш болдц. Негизи буурчакты төрт-беш жолу сугарып, өзгөчө чанак байлай баштаган кезинде суудан өксүтпөш керек экен. Анан күзгө жетпей эле август айынын этегинде бышып калды. Ошол жерден 850 кг түшүм алдым. Мурда ал жер 1,5 тонна түшүм берчү".
Агрономдун кеңеши, өкмөттүн аракети
Ушул тапта Таласта төө буурчактын баасы сортуна жараша бир килограммы 105 сомдон 167 сомго чейин сатылууда. Мындай баа дыйкандарды кубандырганы менен, мурдагыдай көлөм жок. Айрымдар түшүмдүүлүккө отоо чөптөрдү жок кылуу чачылган дарылар дагы таасир этиши мүмкүн деп болжойт.
Кандай болгондо да, түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча өкмөт дыйкандарга кеңеш, жардам берген системалуу аракеттерди көрбөсө, төө буурчак бара-бара эгилбей калышы толук мүмкүн дейт агроном Урмат Тынысов:
"Негизи эреже боюнча төө буурчакты бир жерге бир эле жыл айдаш керек. Төрт жыл өтмөйүнчө кайра экпеш керек. Бирок бизде жыл сайын айдап, сапатын начарлатып жатышат. Айыл чарба министрлиги да көңүл буруп, өтүмдүү жана жакшы сорттор менен камсыздашы керек. Азыр Айыл чарба министрлиги жалаң эле арпа-буудайдын уруктарын Орусиядан жана башка жактан алып келе беришет. Бирок аны көбү экпейт. Ошон үчүн эл көп колдонгон уруктарды алып келиш керек. Сыноодон өткөрүп, анан элге таратса жакшы болмок. Эгер жакшы урук алып келип берсе, дыйкандар бат эле пайдасын көрөт эле".
Айыл чарба министрлигинин алдындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов төө буурчактын жаңы сортун Германиядан алдырып жатышканын билдирди:
"Германиядан "Хелда" деген жаңы сортту алып келели деп жатабыз. Бул сорт сыноо станциясына жана үрөнчүлүк чарбалардын базаларына эгилет. Көбөйтүлгөндөн кийин дыйкандарга таратылат. Буюрса, бир-эки жумада келип калат. Бул былтыр алып келинген, азыр беш тоннадай бар. Биринчи күнү мен Таласка барам, дыйкандар менен жолугуп, жаңы сорттун пайдасын, түшүмдүүлүгүн айтып беребиз".
Таластын төө буурчагы дүйнөнүн 25 өлкөсүнө экспорттолот. Алардын көпчүлүгүн Түркия, Албания, Македония, Болгария жана Орусия өлкөлөрү алат. Дүйнөдө окумуштуулар тамактануунун жаңы системасына керектелген азыктардын катарына төө буурчакты да киргизген.
Бириккен Улуттар Уюму 2019-жылдан бери буурчак өсүмдүктөрүнүн күнүн 10-февралда белгилейт. Уюмдун маалыматына караганда, буурчактын курамында белок организмдеги холестеринди азайтууга жардам берет. Мындан улам БУУ төө буурчакты өзгөчө эт жана сүт азыктары тартыш өлкөлөргө сунуштап келет.
Соңку жылдары Таластагы ишкерлер төө буурчактан түрдүү азыктарды жасоонун үстүндө иштеп келет.