Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:48

"Баа 40 сомдон кем болбосун". Сүт быйыл да төгүлбөйбү?


Кыргызстандагы сүт жыйноо маалы.
Кыргызстандагы сүт жыйноо маалы.

​​​​​​​Жогорку Кеңеш сүттүн наркына байланыштуу токтом кабыл алып, бир литринин баасын “40 сомдон кем болбосун” деп бекитти. Бирок өкмөт муну сунуштама катары кабыл аларын билдирип, соңку чечимди рынокту изилдеп чыккандан кийин кабыл аларын маалымдады.

Мурда да ушундай талаштан улам тиешелүү мыйзам артка кайтарылган. Буга чейин сүттүн баасы түшүп кетип, тургундар бир нече жолу нааразылыктарга чыгышкан.

Мыйзамдан токтомго түшкөн талап

“Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Акылбек Түмөнбаев аны токтомго айлантып иштеп чыгып, Жогорку Кеңеште кайрадан коргоду.

Акылбек Түмөнбаев баяндама маалында бул документ өкмөткө тапшырма катары берилерин белгилеп, анын талаптарын атады:

Акылбек Түмөнбаев
Акылбек Түмөнбаев

“Бул токтом аркылуу биз Министрлер кабинетинен төмөнкү чараларды көрүшүн талап кылып жатабыз. Биринчиден, бирдиктүү ачык-айкын мамлекеттик баа саясатын жүргүзүүнү камсыз кылсын. Экинчиден, сүттү сатып алууга бааларды мамлекеттик жөнгө салуунун механизмин аныктасын. Үчүнчүдөн, өкмөт ар бир жылга баа макулдашуусун сүттү сатып алуу наркын литрине 40 сомдон кем эмес белгилөө шарттарында ишке ашырсын. Негизги талаптар мына ушулар. Мындан сырткары биз чийки сүттү сатып алуу баасы тоют базасынын баасын эсепке алуу менен ар жыл сайын түзөлүүгө тийиш деп белгилеп жатабыз”.

Кыргызстандагы сүт өткөрүп жаткан фермерлер.
Кыргызстандагы сүт өткөрүп жаткан фермерлер.

Парламенттин 14-мартындагы жыйынында эл өкүлү кээ бир жылдары аймактарда сүттүн баасы атайылап арзандатыларын айтып, бул нааразылык жаратып жатканын кошумчалады.

“Жыл сайын жаз мезгилинин башталышы менен сүт заводдору сүттү сатып алуунун баасын төмөндөтүп, айыл тургундарынын нааразылыгын жаратат. Кээ бир учурда чийки сүттүн баасы 17 сомго чейин түшөт. Азыркы учурда дүкөндөрдө сүттүн баасы 80 сомдон 124 сомго чейин турат. Өзүңүздөр билгендей, өндүрүүчүлөр чийки сүттөн айран, каймак, май, кургак сүт жана башка нерселерди да жасайт. Бүгүнкү күндө мамлекет атамекендик сүт өндүрүшүн өнүктүрүүгө эч кандай катышпайт. Бирок ошол эле маалда чийки сүттү сатып алуу баасын төмөндөткөнү менен дүкөндөрдө сүттүн баасы арзандабайт”, – деди депутат Түмөнбаев.

Токтом долбоорун талкуулоо учурунда депутат Исхак Масалиев “төмөнкү чек катары коюлуп жаткан талапты өкмөт аткара алабы?” деген суроо койду.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов бул токтомду алар тапшырма катары кабыл алышарын белгилеп, бирок аны аткаруу механизмдери аныкталгандан кийин тиешелүү чектин көлөмү такталарын билдирди.

Депутат Масалиев андан кийин кайра эл аралык мисалдарды ортого салды:

Исхак Масалиев
Исхак Масалиев

“Негизи мыйзам же токтом аркылуу бир баа боюш өтө кыйын. Чет өлкөлөрдө Айыл чарба министрлиги же дагы башка бир орган кайсы бир товарга минималдуу баа коюп, бирок кийин ал баадан түшүп кетсе, айырмасын өкмөт төлөп берет. Дотация деп ушуну айтат. Ошол багытта иштесеңер, балким ошол нерсе өкмөткө жеңил болушу мүмкүн. Мисалы, 40 сом деп койсоңор, сүт 37 сомго алынып калса, силер дыйканга 3 сом төлөп бересиңер. Эгер андан ашып, 45 сом болуп кетсе анда дыйкан пайда таба берсин. Менимче ушундай жолду издеп көрүү керек”, – деди депутат Масалиев.

Мындан кийин депутаттардын бири Улан Примов бул мыйзам эмес, токтом долбоору экенин белгилеп, суроо-сопкутсуз добуш берүүгө жөнөтүүнү сунуштады. Ал сунуш колдоо таап, добуш берүүдө токтом кабыл алынды. Жыйынга катышкан 81 депутаттын 70и макул болуп, каршы чыккан киши болгон жок.

Талапты аткаруу канчалык мүмкүн?

Мыйзам демекчи, депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган депутаттар тобу “Сүттүн сатып алуу бааларын жөнгө салуу жөнүндө” мыйзам долбоорун бир жыл мурда иштеп чыгып, 2023-жылдын 13-апрелинде коомдук талкууга чыгарган. Ошентип, былтыр 29-июнда Жогорку Кеңеш аны үч окуудан колдоп берген.

Ошол эле жылдын сентябрында мыйзам долбооруна президент Садыр Жапаров каршы пикирин билдирип, артка кайтарганы маалым болгон. Кийин мыйзам долбоордун макулдашылган вариантын иштеп чыгуу үчүн макулдашуу топ түзүлгөнү да кабарланган.

Канткен менен жарым жылдан кийин депутаттардын демилгеси мыйзам катары эмес, токтом катары кайрылып келип жатат. Бул деген аны аткаруу милдеттемеси төмөндөдү дегенди түшүндүрөт.

Анткени, адатта Жогорку Кеңештин токтому иш жүзүндө сунуштама катары каралат жана түрдүү шарттардан улам аткарылбай калышы мүмкүн. Балким, анын талаптары да жумшарып кетиши мүмкүн.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Данияр Жанузаков “Азаттыкка” берген интервьюсунда маселени мындайча комментарийледи:

Данияр Жанузаков
Данияр Жанузаков

“Парламент токтом кабыл алды, бирок ал күчүнө кире элек. Спикер кол койгондон кийин алар бизге жөнөтүшөт. Азырынча бизге келе элек. Министрлер кабинети ал токтомдун негизинде өзү да токтом кабыл алып, анан биздин министрлике берилет. Биз ошонун негизинде иш алып баарбыз. Негизи Министрлер кабинетинин буга чейин кабыл алынган №25 токтому бар. Ал жакта сүттүн майлуулугу 3,4 норма менен саналса, ошонун баасына карата талап коюлат деген талап бар. Ошондуктан Жогорку Кеңештин токтому менен Министрлер кабинетинин токтомун шайкеш келиши керек. Депутаттардын токтомунда да, сүттүн майлуулугу 3,4 нормада болсо 40 сомдон кем болбосун деген талап кириши керек деп ойлойбуз. Айталы, сүттүн майлуулугу 2,8-2,9 болуп калса, аны эч ким 40 сомдон албайт. Андай сүттөн кайра иштетүүчүлөр каймак май чыгара алышпайт. Биз азыр ушул боюнча жумуштарды алып барып жатабыз. Канткен күндө да биз мунун баарынын механизмдерин карап чыгышыбыз керек. Анткени, мында биз дүйнөлүк бааны да карашыбыз шарт. Былтыр да ошол себептен кабыл алынбай калган. Себеби, мыйзам менен бекитип алсак, муну аткаруу оор болуп калмак. Азыр эми токтомду аткаруу жеңилирээк болот”.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда бир жылдык сүт өндүрүү болжол менен 1,6-1,8 миллион тоннаны түзөт. Анын 2,5% гана өнөр жайлык кайра иштетүүгө кетет.

Кыргызстандагы сүн өндүрүүнү жана керектөөнү чагылдырган графика.
Кыргызстандагы сүн өндүрүүнү жана керектөөнү чагылдырган графика.

Ушул убакка чейин кайра иштетүү үчүн чийки заттын 98% ашыгы калктын жеке чарбаларда өндүрүлөт. Алар чийки затты майда дүң сатуучулар аркылуу же болбосо түз эле завод аркылуу сатышат.

“Үмүт жана Ко” сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын акционерлеринин бири, ишкер Бакыт Керималиев чийки сүткө коюлган соңку талаптар жөнүндө мындай ойлору менен бөлүштү:

Кыргызстандагы сүттү кайра иштетүүчү заводдордун бири.
Кыргызстандагы сүттү кайра иштетүүчү заводдордун бири.

“Азыр эми чечим бекитиле элек. Парламент болгону өкмөткө жөнөттү, бул жөн гана сунуш. Өкмөт кандай чечет билбейбиз. Биз азыр ансыз деле 36 сомдон алып жатабыз. Кышта 38-40 сомго чейин сатып алган учурларыбыз болду. 40 сомдон кем эмес алыш керек дегенде, сүттүн ар кандай майлуулугу бар да. Тоют жетишсиздигинен көп кишилердин алып келген сүтүнүн майлуулугу аз болуп калат, айрымдар суу кошуп жиберет. Анан майлуулугу чекке жетпей турса, биз кантип 40 сомдон алабыз? Бизге, өндүрүүчүлөргө айырмасы жок, эл түз алып келип жатабы же ортомчу-даярдоочулар алып келип жатабы, баары бир ошол 35-36 сомдон алып жатабыз. Анан эл өзү ортомчу аркылуу иштеп жатат да, туурабы? Алар болсо элден арзаныраак алууда. Ага биздин тиешебиз жок, кийлигише албайбыз”.

Сатуучулардын жана өндүрүүчүлөрдүн үнү

Кыргызстанда соңку жылдары сүттүн баасы арзандап кетип, ал бир канча жолу нааразылыктарга алып келген. Дээрлик жыл сайын жазында сүт багытындагы уй баккан Талас, Ысык-Көл жана Чүй облусунун фермерлери бул маселени көтөрүп чыгышат. Ал тургай баа түшүп кеткенден улам мурдагы жылы тонналаган сүттөр талаага төгүлгөнү ачыкка чыгып, ызы-чуу жаралган.

Сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган акция. Талас шаары. 13-апрель, 2023-жыл.
Сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган акция. Талас шаары. 13-апрель, 2023-жыл.

Былтыр жазында Таласта айрым тургундар нааразылык акцияларына чыгып чыгып, сүттүн баасын жогорулатууну талап кылышкан. Алар сүттү арзан алып жаткан эки заводду жабууну да талап кылып, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кайрылышкан. Ошол маалда ортомчулар 1 литр сүттүн баасын элден 26 сомдон алып, заводго 30 сомдун айланасында өткөрүп жатканы белгилүү болгон.

Талас районунун Осмонкул айыл округунун Талды-Булак айылынын тургуну Гүлжамал Эңкилбаева “Азаттыкка” курган маегинде быйыл деле аймакта баа төмөн болуп жатканын айтып берди:

“Булар дагы деле 26 сомдон алып жатышат. Дагы түшөт болуш керек деп коюшту. Анан биз “ай, 40 сом деп токтом чыгарып жатышпайбы?!”, десек, “ал ишке ашпайт” деп коюшту. Токтом чыгып жаткандан кийин акырындык менен ишке ашар. Өзү мурдагы жылдары биз 3-6 сомдон саткан учурлар болгон. Анан кийин, балким сомдун күчү кеткенден улам көтөрүлдү окшойт. Эң көп болгондо 30 сомго чейин жетип барып, кайра түшүрүп жиберишти. Дагы кандай болот билбейбиз, эми. Анан айылда калган эл, дыйкан-фермерлер ушундай сүт менен эле жан багат да. Мен да уй саагандан сырткары пенсия алам, кээде тигүүчүлүк кыла коём. Өзүм дары кайнатам, андан тыйын түшүп калат. Анан жалаң эле сүт саап, уйдун көзүн карагандарга таптакыр арзан болуп кетсе кыйын болот. Чөп болсо кымбат, таңгагы 500-600 сомго чейин чыгып кетти. Азыр уйлар да илгеркидей көп сүттүү эмес. Бир-эки уй саап, араң 10 литр табасың. Мисалы, күнүнө 10 литр алсаң, 10 күндө 100 литр. 26 сомдон сатсаң 2600 сом, ал эмнеге жетет? Анын көбүнө кайра эле чөп алып, калганын эптеп тиричиликке жеткирип эле отуруп калып жатышпайбы”.

Улуттук статистика комитетинин мониторингинде көрүнүп тургандай, ушул тапта Кыргызстандын аймагында пастеризацияланбаган куйма накта сүттүн орточо баасы 63,89 сом болуп жатат. Өлкө аймактарында эң жогорку баа 70-74 сом деп көрсөтүлсө, эң төмөнкү баа 44-45 сом да бааланууда.

Бул эми расмий маалымат. Ал эми расмий эмес маалыматта баа мындан кыйла эле төмөн экени белгилүү.

Кыргызстандагы сүт заводдору. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы сүт заводдору. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл, Чүй, Талас жана Нарын облустарындагы сүт даярдоочулардын башын бириктирген “Сүт палатасы” ассоциациясынын төрагасы Нурбек Жыргалбаев буларга токтолду:

Нурбек Жыргалбаев
Нурбек Жыргалбаев

“Негизи муну айрымдар бир аз туура эмес түшүнүп алышты. Бул жерде кеп элден 40 сомдон сатып алынсын деген талап жок. Депутаттардын токтом долбоорунда “завод 40 сомдон кем албасын” деген талап коюлуп жатат. Анда да сүттүн майлуулугу 3,4 базис менен болсо. Маселе жок, ушундай талап өкмөт тараптан да толук бекитилсе, анда кышкысын элдики 40-42 сомго чейин болот, заводдор андан жогорураак ала берет. Ал эми жазында сүттүн майлуулугу түшүп кетет. Бирок ошондо заводдор 40 сомдон алууга милдеттендирилсе, анда сүттү алып-сатуучулар элден 30-32 сомдон алып тура алат. Илгеркидей болуп 20-25 сомго түшүп кетпейт. Алып-сатарлар мурда ортомчу деп айтылчу, азыр алар расмий түрдө каттоодон өтүп, салык төлөп, иштешет. Аларды даярдоочулар (заготовитель) деп атаса болот. Эгер алар элден 40 сомдон алууга милдеттендирилсе, алар анда заводдорго 50 сомдон сатат. Заводдор андан ары кайра иштетүү үчүн кирешеге чыга алышпайт, чыкса да анда өздөрүнүн товарларын кымбаттатууга туура келет. Соңунда ал кайра келип эле элге зыян алып келет. Азыркы учурда Чүй облусунда даярдоочулар элден 32-33 сомдон алып, заводдорго 35-36 сомдон берип жатышат”.

Кыргызстанда сүт багытында жалпысынан 85 ири жана чакан кайра иштетүүчү заводдор бар. Анын ичинен 42си Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү реестрине кирген жана алар уюм ичиндеги өлкөлөргө сүттү экспорттой алышат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG