Германияда бир аптада экинчи жолу көчөдө бычак менен кол салуу болду

Германиянын батышындагы Мөрс шаарында белгисиз киши өтүп бара жаткандарга бычак менен кол салууга аракет кылган учурда полиция тарабынан атып өлтүрүлдү. Окуяда эч ким жабыркаган эмес.

Кол салган адам 26 жаштагы Германиянын жараны экени кабарланды. Дуйсбург полициясы окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Азырынча башка маалымат айтыла элек.

23-августта Золинген шаарынын түптөлгөнүнүн 650 жылдыгын майрамдоого арналган фестивалда бир киши бычак менен элге кол салып, үч адамды өлтүргөн. Фестивалга келгендердин арасынан дагы сегиз киши жараат алган.

Өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топ бул окуя үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, кол салган киши анын жоочусу экенин Telegram каналы аркылуу билдирген. Бирок ага эч кандай далил келтирген жок.

Дүсселдорф полициясы билдиргендей, 26 жаштагы сириялык жаран 24-августта өзү колго түшкөн, Ислам мамлекети" тобунун мүчөсү экенин айтып берген.

Ишемби күнү немис полициясы Золингендеги окуяга байланыштуу 15 жаштагы баланы кармаганын, ал "негизги шектүү менен сүйлөшкөн жана анын ниети тууралуу полиция маалымат берген эмес" деп шек саналып жатканын, ал качкындар жайында баш калкалаган кыргызстандык экенин Spiegel басылмасы жазган.

Кыргызстандын Германиядагы элчилиги маалымат такталып жатканын, каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок экенин билдирген.

Дагы караңыз

Президент эгемендик күнү ырдай турган орусиялык ырчылар боюнча комментарий бердиЗеленский Украинада өндүрүлгөн алгачкы баллистикалык ракета сыноодон өткөрүлгөнүн билдирдиМАГАТЭнин башчысы Курск АЭСине барды27-август: Орусиялык ырчыларга каршы нааразылык, Украинанын баллистикалык ракетасы