Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

27-август: Орусиялык ырчыларга каршы нааразылык, Украинанын баллистикалык ракетасы


Ырчы Филипп Киркоров Крымдын аннексиясынын жети жылдыгына арналган концертте, Севастополь шаары
Ырчы Филипп Киркоров Крымдын аннексиясынын жети жылдыгына арналган концертте, Севастополь шаары

27-августта Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

ИИМ сексуалдык кулчулукка кабылды деген секелектин иши тууралуу маалымат берди

Ошто жашы жете элек кызды бир топ адамдар суу жээгине алып барып, сабап, эч жакка чыгарбай кармашканы тууралуу маалымат 23-августта Ош облустук милициясында катталып, текшерүү башталды. ИИМ уруп-сабоого катышы бар деген шек менен 21 жаштагы Э. Б. жана секелекти Ош шаарындагы мейманканада зордуктоого шек саналып 27 жаштагы У. Х. аттуу адамдар тергөө кызматына жеткирилгенин кабарлады. Алардын бөгөт чарасы тууралуу маалымат берген жок. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева 27-августта Ош шаарында 15 жаштагы кызды мажбурлап сексуалдык кулчулукта кармаган адамдарга токтоосуз чара көрүүгө жана кыздын укугун коргоого аймактагы күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин чакырган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалган маалымат үчүн айып салууну сунуштады

Министрлик жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берди. “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлду. Мекеме жакында эле Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоорун даярдаган. Анда да жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, ишканаларга 200 миң сом айып пул салуу каралган.

Орусиялык ырчыларга каршы нааразылык

Социалдык тармактарда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 31-августта эгемендик күнүнө карата уюштурула турган концертте Орусиянын ырчыларынын келип ырдашына каршы пикирлер айтылууда. Интернет колдонуучулар “жакынкы кошунасына кол салган өлкөнүн ырчыларын эгемендик күнүндө концертке катыштыруу туура эмес” деп, майрамдык иш-чарага жергиликтүү ырчы-чоорчуларды, кошуна мамлекеттердин шоу-бизнес өкүлдөрүн чакырууну сунуштап жатышат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов концертти каалоочулар гана көрөрүн, ырчыларга акы төлөнбөй турганын айтты.

“Кум-Шагыл” заводу мамлекетке алынды

УКМК Бишкек шаарынын 12-кичирайонундагы “Кум-Шагыл” заводу жана ага жанаша жайгашкан 16,05 гектар жана 1,2 гектар стратегиялык маанидеги объекттер мамлекетке кайтарылганын билдирди. Атайын кызматтын маалыматына караганда, тергөөдө сөз болуп жаткан стратегиялык объект жана ага жанаша жайгашкан жер тилкелери Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен 2004-жылы “Кум-Шагыл” ишканасынын жооптуу кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз берилгени такталган. Жыйынтыгында 1 млрд 953 млн сомго бааланган 17,7 гектар жер мамлекетке алынган.

Зеленский Украинада чыгарылган алгачкы баллистикалык ракета сыноодон өткөрүлгөнүн билдирди

Бул тууралуу Зеленский 27-августта Киевде өткөрүлгөн маалымат жыйында билдирди. Азырынча бул сыноонун чоо жайы белгисиз. Украина ошондой эле кыска аралыкка сокку ура алчу "Хрим-2" баллистикалык ракетасынын үстүнөн иштеп жатканы маалым болду. 25-августта Зеленский украиндердин "Поляница" деген ракетасы бардыгын ырастаган. Украин президенти аны куралдын "жаңы үлгүсү" деп атаган. Киев Батыш мамлекеттеринен Орусиянын аймагына сокку уруу үчүн узак аралыктагы ракеталарды колдонууга уруксат сурап келет.

Каирде Газадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөр уланууда

Ак үйдүн улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Кирби 26-августта билдирген маалыматка ылайык, талкуулар алдыдагы күндөрдө бир нече суроону тактап алуу максатында жумушчу топтун деңгээлинде уланат. Кирби жумушчу топ чече турган маселелердин бири туткундарды айырбаштоо экенин белгилеп, алардын саны, тек-жайы жана бошотуу ыргагы такталышы керектигин кошумчалады. АКШ, Египет жана Катардын ортомчулугу менен жүргүзүлүп, канча айдан бери бир токтоп, бир уланып жаткан сүйлөшүүлөрдөн азырынча жыйынтык чыга элек.

Орусияда мигранттардын балдарын “Юнармияга” жиберүү сунушталды

Мындай демилгени Новосибирск аймагынын жергиликтүү министр Андрей Клюзов көтөрдү. Министр балдардын социалдык-маданий адаптациясын жеңилдетүү үчүн “Юнармияга” милдеттүү түрдө жиберилиши керек деп эсептейт. Жакында эле Орусиянын Мамлекеттик Думасындагы ЛДПР фракциясы мигранттардын үй-бүлөсүн өлкөгө алып киришине тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштаган.

Өзбекстанда узун сакал койгондор айыпка жыгылат

Бийлик өкүлдөрү сакал адамдын тек-жайын аныктоого кыйынчылык жаратарын жүйө келтирет. "Подробно.уз" басылмасы жазгандай, мындай эркектер аялдарга бетин жапкан кийим кийүүгө тыюу салган берене боюнча жазага тартылып жатышат. Журналисттер соттун базасында бул берене колдонулган 800дөй иш бардыгын аныкташкан. Алардын көбү Жизак, Самарканд, Анжиян жана Фергана облустарында козголгон. Сакалын алуудан баш тарткан эркектер бейбаштыкка же тартип коргоочуларга баш ийбегени үчүн айыпталат. Мыйзам бузгандарга төрт жүз долларга чейин айып пул салынат.

Академик Илгиз Айтматов дүйнө салды

Техника илимдеринин доктору Илгиз Айтматов 27-августта 93 жашында дүйнө салды. Илгиз Айтматов - тоо кен геомеханикасы боюнча адис, 1990-1993-жылдары Улуттук илимдер академиясына президент болгон. 260тан ашык илимий эмгектин, 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган. 2003-жылы III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Илгиз Айтматов 2008-жылы каза тапкан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган иниси.

XS
SM
MD
LG