Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:46

МАГАТЭнин башчысы Курск АЭСине барды


Бириккен Улуттар Уюмунун Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси.
Бириккен Улуттар Уюмунун Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросси 27-августта Орусиянын Курск облусундагы атомдук станцияга барды. Москва бул өзөктүк кубат ишканасы "бир нече ирет украин күчтөрүнүн чабуулуна кабылганын" билдирген.

Маалыматка караганда, Гросси станциянын жетекчилери менен сүйлөшүп, тышкы электр камсыздоо системасынын абалына байкоо салат. Буга чейин МАГАТЭнин башчысы эки реактору иштеп жаткан станциядан анча алыс эмес жерде куралдуу кагылышуулар болуп жатканына тынчсыздануусун билдирген.

17-августта "Росатомдун" башчысы Алексей Лихачев Рафаэл Гросси менен телефондон сүйлөшкөндө, украин тарап Курск АЭСине провокация даярдап жатат деп айтып, өзөктүк ишкананын коопсуздугуна баа берүү үчүн бул жайга келип кетүүнү өтүнгөн.

Украин тарап кол салуу тууралуу маалыматты расмий четке каккан.

Орусия Украинага 2022-жылдын февраль айында согуш ачкандан кийин АЭСтердин коопсуздугу бир нече ирет коркунучка кептелген.

Гросси Курск аймагынан соң Киевге барып, украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушаары күтүлүүдө.

Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна 6-августта кирип барган. Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин айтымында учурда алар 100 калктуу конушту өз көзөмөлүндө кармап турушат. Президент Зеленский Орусиянын Курск аймагындагы аскердик амалдын башкы максаты - Орусиянын аймагын басып алуу эмес, "буфердик зона" (коопсуздук үчүн "өткөөл аймак") түзүү гана болуп саналат, деп айткан.

XS
SM
MD
LG