Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:32

Президент эгемендик күнү ырдай турган орусиялык ырчылар боюнча комментарий берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Бишкектин Ала-Тоо аянтында 31-августта эгемендик күнүнө карата уюштурулган концертте ырдай турган орусиялык ырчылар тууралуу комментарий берди.

27-августтун кечинде “Кабар” улуттук маалымат агенттигине берген кыскача маегинде президент да алар акысыз ырдай турганын айтып, орусиялык артисттердин жатаканасына жана тамак-ашына гана каражат кете турганын билдирди.

“Бул маселени акылы тайкы, алысты көрө албаган саясатчылар көтөрүп жатат. Аларды зомбилери ээрчип атат. Эсиңердеби? Бизди эч ким тааныбайт, өлкөбүзгө эч ким келбей коёт дегендер болгон. Азыр таанымак турсун, Кыргызстан менен бардык өлкөлөр эсептеше баштады. Келе жаткан жылы дүйнөлүк державалардын президенттери келээри күтүлүп жатат. Мурда чындап эле керек болсо кошуна өлкөлөр теңине алчу эмес. Азыр Кудайга шүгүрбүз. Ошондуктан, анча- мынча бузукуларга көңүл бурбагыла. Ким уккусу келбесе, укпай эле койсун. Эч кимди зордобойбуз”, - деди президент.

Буга чейин маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов да орусиялык ырчылардын тобу Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендик күнүнө карата келип, ырдап берүү тууралуу өздөрү демилге көтөргөнүн айткан.

Социалдык тармактарда Бишкектин Ала-Тоо аянтында 31-августта эгемендик күнүнө карата уюштурула турган концертте Орусиянын ырчыларынын келип ырдашына каршы пикирлер айтылууда. Интернет колдонуучулар “жакын кошунасына кол салган өлкөнүн ырчыларын эгемендик күнүндө концертке катыштыруу туура эмес” деп, майрамдык иш-чарага жергиликтүү ырчы-чоорчуларды, кошуна мамлекеттердин шоу-бизнес өкүлдөрүн чакырууну сунуштап жатышат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 31-августта эгемендик күнүндө Ала-Тоо аянтындагы концертте кыргызстандык жана орусиялык ырчылар Стас Михайлов, Филипп Киркоров, Люся Чеботина, швециялык ырчы Боссон, италиялык ырчы, композитор Ин-Грид ырдай турганын билдирген.

Михайлов жана Киркоров Орусиянын "Украинадагы атайын операция" деп атаган согушун колдоп чыкканы белгилүү.

Президенттик администрациянын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков алар Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдык мааракесин куттуктап келгени жатышканын, гонорар төлөнбөй турганын айтты. Алардын жатаканасына жана тамак-ашына гана каражат кетерин кошумчалады.

31-августта Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана эгемендик күнүнө карата Ала-Тоо аянтында шоу-концерт өтөт.

2022-жылдын февралында Орусия Украинага басып кирип, АКШ менен Батыштын санкциясына кабылгандан кийин орусиялык ырчы-чоорчулардын башка мамлекеттерге гастролдук сапарлары да чектелген. Мындан улам алар Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстана көбүрөөк келе баштаган.

2023-жылы август айында согушту жактаган орусиялык ырчы Григорий Лепстин Кыргызстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда өтчү концерттери элдин каршылыгынан улам токтотулган.

Былтыр июнь айынын башында орусиялык рэпер Алишер Моргенштерн (Валеев) Бишкекке келет деген кабар кыргыз коомчулугунда талыш-тартыш жараткан. Анын жүрүм-турумуна каршы болгондор нааразылыгын билдирип, анын музыкалык кароо-сынакка катышуусуна тыюу салынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG