Зеленский АКШга согуштагы "жеңиш планын" көрсөтөт

Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кийинки айда АКШнын президенти Жо Байденди согуштагы "жеңиш планы" менен тааныштырат. Бул тууралуу ал шейшемби күнкү маалымат жыйында билдирди. Бул план президенттикке талапкерлер Камала Харрис менен Дональд Трампка дагы көрсөтүлөрүн билдирди. Украин президентинин маалымат жыйынын "Настоящее Время" телеканалы түз көрсөттү.

Зеленскийдин белгилешинче, план төрт багыттан турат. Украин армиясынын Орусиянын Курск облусуна киргени - анын бир бөлүгү.

"Балким бул кимдир бирөөгө абдан амбициалык көрүнүп жаткандыр, бирок биз үчүн бул маанилүү план", - деген ал аскерлердин Курскиге кирип барып, Украинанын Сумы жана Чернигов облустарын окуппациялоонун алдын алганын билдирди.

Андан кийинки планда "глобалдык коопсуздуктун стратегиялык түзүмүндө Украинанын ролун бекемдөө", "Согушту дипломатиялык жол менен токтотууга Орусияны мажбурлоо" жана Украинанын экономикасын турукташтыруу турары белгиленди.

Зеленский бул пландын ийгиликтүү ишке ашуусу көбүнесе АКШдан жана анын президентинен көз каранды экенин белгиледи. Анын сөзүнө караганда, Украина керектүү ресурсту алар-албасы жана аны эркин колдоно алары алардын чечимине жараша болот.

"Путин менен жөн гана компромисс эмес, принципиалдуу түрдө диалогдун мааниси жок. Анткени ал дипломатиялык жол менен согушту токтотууну каалабайт. Ал үчүн биз ага жерибиздин 30% беришибиз керек. Менин оюмча, биз аны менен ойношубуз керек", - деди Владимир Зеленский.

Украин армиясы Орусиянын Курск облусуна 6-августта кирип барган. Украин Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Александр Сырскийдин айтымында, учурда алар 100 калктуу конушту өз көзөмөлүндө кармап турушат.

Зеленский Орусиянын Курск аймагындагы аскердик операциянын максатын Орусиянын аймагын басып алуу эмес, "буфердик зона" (коопсуздук үчүн "өткөөл аймак") түзүү аракети деп түшүндүргөн.

Орусия Украинанын айрым аймактарын 2014-жылдан бери мыйзамсыз басып алган. Ал эми 2022-жылдын 24-февралынан тартып Орусия эгемен Украинага каршы кеңири өлчөмдөгү согушту жүргүзүп келет.

Дүйнөлүк коомчулук Оруссиянын бул баскынчыл согушун терең айыптап, расмий Кремлди согушту дароо токтотууга чакырууда.

Дагы караңыз

Президент эгемендик күнү ырдай турган орусиялык ырчылар боюнча комментарий бердиЗеленский Украинада өндүрүлгөн алгачкы баллистикалык ракета сыноодон өткөрүлгөнүн билдирдиМАГАТЭнин башчысы Курск АЭСине барды27-август: Орусиялык ырчыларга каршы нааразылык, Украинанын баллистикалык ракетасы