Аба ырайы: тоолуу аймактарда өткүн өтөт

27-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 22…27;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30 градус ысыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16°, күндүз 29…31° ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15°, күндүз 25…27° жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 25-августта күндүз 22,8°, 26-августта эртең менен 21,1° түздү.

Дагы караңыз

Кыргызстанда мектептерде 17 миллиондон ашык окуу китеби жетишпейтОрусия мекемелеринде Telegram аркылуу жазышууларды өчүрүү тапшырмасы берилүүдөКомандалашы менен мушташкан Мирбек Ахматалиев футболдон беш жылга четтетилди Бишкекте жол кайгуул кызматкерин коюп кеткен айдоочу кармалдыИшкерлер УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө шек саналып кармалды