Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Орусия мекемелеринде Telegram аркылуу жазышууларды өчүрүү тапшырмасы берилүүдө


Павел Дуров. Архивдик сүрөт.
Павел Дуров. Архивдик сүрөт.

Орусия президентинин администрациясынын, өкмөтүнүн жана айрым күч мекемелеринин кызматкерлерине Telegram аркылуу жумуш боюнча жазышкандарынын баарын өчүрүү тапшырмасы берилгенин орус күч органдарына жакын Baza Telegram-каналы 25-августта жазды.

Ушундай эле талап Орусиянын Коргоо министрлигиндеги жогорку кызматтагы адамдарга, бир катар ири бизнесмендерге коюлганы маалымдалды.

Буйрук Telegram социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Павел Дуров камакка алынганына байланыштуу экени белгиленди.

Дуров кармалганы тууралуу маалымат чыкканда орусиялык блогерлер бул социалдык түйүндү орус аскер кызматкерлери Украинадагы согушта активдүү колдонуп келишкенин жазышкан. ВГТРК мамлекеттик телеканалынын кызматкери Андрей Медведев Telegram түйүнүн "азыркы согуштун негизги мессенжери" жана "жабык аскердик байланыштын бир түрү" деп белгилеген.

Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү жана жетекчиси Дуров 24-августта Францияда кармалган. Ал жакка 39 жаштагы миллиардер жеке учагы менен Азербайжандан учуп барган. Франция жарандыгын Дуров 2021-жылы алган.

Анын кармалышы боюнча француз тарап расмий комментарий бере элек. Маалымат каражаттары Франциянын укук тартибин коргоо органдары Telegram түйүнүн кылмыштуулуктун жайылтуучусу деп эсептей турганын, Дуров маңзат, балдар порнографиясы, алдамчылык боюнча шектүүлөр тууралуу маалыматты ачууда бийлик менен кызматташпай койгонун жазып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG