Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Бишкекте жол кайгуул кызматкерин коюп кеткен айдоочу кармалды


Жолдо иштеп жаткан кызматкерлер. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду
Жолдо иштеп жаткан кызматкерлер. Сүрөт иллюстрация үчүн колдонулду

Бишкектен "Манас" аэропортуна бараткан жолдо BMW унаасы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын (ЖКККБ) кызматкерин коюп кеткен.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) маалыматына караганда, 26-августка караган түнү саат 3:00 чамасында Бишкек—Манас трассасында, Учкун айылынын туш ченинде унаалар катуу ылдамдыкта жарышып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Кызматкер жол эрежесин бузганы үчүн BMW M5 унаасын токтотууга аракет кылган, бирок айдоочу токтобой, аны коюп кеткен. Жыйынтыгында инспектор жаракат алып, ооруканага кайрылган.

Бул иш боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 4-бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнө же болбосо коомдук тартипти сактоо боюнча милдеттерди аткаруучу адамдарга каршылык көрсөтүү менен жасалган бейбаштык") менен кылмыш иши козголгон. 21 жаштагы айдоочу кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ага жол эрежесин бузганы үчүн 15 миң сом айып пул салынды. Автоунаасы айып токтотмого токтотулду. Иликтөө жүрүп жатат.

15-август күнү Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында дагы бир кызматкер Элистан Арзыбековду катуу ылдамдык менен бараткан автоунаа коюп кеткен. Милиционердин мээси чайкалып, катуу жаракат алган, жоон саны сынып кеткен. 17-августта санавиация менен Бишкекке жеткирилип, Улуттук госпиталга жаткырылган. Кылмыш иши козголуп, айдоочу кармалган. Иш ички иштер министринин көзөмөлүндө экени кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG