Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Командалашы менен мушташкан Мирбек Ахматалиев футболдон беш жылга четтетилди


Кыргыз футбол биримдиги.
Кыргыз футбол биримдиги.

Кыргыз футбол биримдиги “Мурас Юнайтед” футболдук клубунун мурдагы оюнчусу Мирбек Ахматалиев футболго тиешелүү бардык ишмердүүлүктөн беш жылга четтетилгенин кабарлады.

Маалыматка ылайык, “Мурас Юнайтеддин” жетекчилигинен машыктыруучулар штабы жана клубдун спорт директору иштен алынганы тууралуу кат келген. Ага ушул жылдын 15-августунда Бишкектеги “Сельмаш” стадионунда команданын машыгуусу учурунда клубдун оюнчулары Мирбек Ахматалиев менен Евгений Терси мушташып кеткени негиз болгон. Мушташтан клубдун чет элдик оюнчусу Евгений Терсинин жаагы сынган. Бул окуядан кийин клуб Мирбек Ахматалиев менен эмгек келишимин токтоткон.

22-августта Кыргыз футбол биримдигинин Дисциплинардык комитети “Мурас Юнайтед” клубунун кайрылуусун карап, Ахматалиевди футболго тиешелүү бардык ишмердүүлүктөн беш жылга четтетүү чечимин кабыл алган.

“Олимпиадалык спорт түрү катары футбол адилеттүү спорттук күрөш жана атаандаштарына жана команда мүчөлөрүнө урмат көрсөтүү принциптерине негизделген. Ал командалык рухту тарбиялоого, адамдык оң сапаттарды өркүндөтүүгө, ошондой эле адилеттүүлүк жана жоопкерчилик сезимин өрчүтүүгө багытталган. Кыргыз футбол биримдиги жогоруда айтылган баалуулуктардын жактоочусу катары, агрессия жана зордук-зомбулук көрсөткөн деструктивдүү аракеттерди айыптайт”, - деп айтылат Кыргыз футбол биримдиги тараткан билдирүүдө.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, 30 жаштагы чабуулчу Мирбек Ахматалиев “Мурас Юнайтед” футболдук клубу менен быйыл 6-июлда ушул жылдын аягына чейин келишим түзгөн. Кыргызстандын улуттук курама командасында жети оюн өткөргөн.

Айрым маалыматтарда аны Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери кармаганы айтылууда. Атайын кызмат ал тууралуу комментарий бере элек.

Жалал-Абад шаарынын “Мурас Юнайтед” клубу 2023-жылы негизделген. (BTo)

XS
SM
MD
LG