Финансы министрлиги мамлекеттик бюджеттеги убактылуу бош турган каражаттарды Кыргызстандагы коммерциялык банктарга жайгаштырууну көздөөдө. Бул тууралуу аталган министрликтин сайтына жарыяланды.
Маалыматта айтылгандай, бош каражаттарды жайгаштыруу боюнча сунуштарды Финансы министрлигинин конкурстук комиссиясы карайт.
"Жайгаштырууга каралган акчанын жалпы көлөмү 5,0 млрд.сом, 12 лотко бөлүнгөн, мөөнөтү 4 айга, (2024-жылдын 25-декабрына чейин). Лоттун башында 100 млн сом менен башталып, ай сайын 50 млн сомдон кошулуп отурат. 9-лоттон тарта айына 100 млн сомдон кошулуп, 11-лотто 700 млн берилген соң, 12-лотто 1 млрд сом коюлат. Депозиттик жылдык ставкасы 3,3%", - деп жазылган анда.
Каражаттар жайгаштырылуучу коммерциялык банктарды тандоо сынагына сунуштар 29-сентябрь, саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Мекеменин маалыматына караганда, бул Министрлер Кабинетинин 2022-жыл, 11-марттагы №135 "Бюджеттин убактылуу бош каражаттарын коммерциялык банктарда жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык ишке ашырылат.
Министрликтин сайтында бюджеттеги бош каражаттарды буга чейин коммерциялык банктарга жайгаштыруудан алынган пайда тууралуу маалымат жок.
Буга чейин Социалдык фонддогу пенсиянын топтомо бөлүгү коммерциялык банктарга депозит катары салынары тууралуу маалымат Жогорку Кеңеште кабарланган. (ZKo)
Дагы караңыз
Орусия мекемелеринде Telegram аркылуу жазышууларды өчүрүү тапшырмасы берилүүдөКомандалашы менен мушташкан Мирбек Ахматалиев футболдон беш жылга четтетилди Бишкекте жол кайгуул кызматкерин коюп кеткен айдоочу кармалдыИшкерлер УКМКнын кызматкерлерине пара берүүгө шек саналып кармалдыСот Райымбек Матраимовду 26-октябрга чейин камакта калтырды