Көмүрдүн баасына убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилет

Бишкекте көмүр саткан жайлардын бири.

Экономика жана коммерция министрлиги Кыргызстанда 15-сентябрдан тартып көмүрдүн баасына үч айлык мөөнөткө убактылуу мамлекеттик көзөмөл киргизилерин билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 90 күнгө көмүрдүн эң жогорку баасы коюлуп буйруктун аткарылышын Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы көзөмөлдөйт.

Кара отундун баасын жөнгө салыш үчүн ушундай эле мамлекеттик көзөмөл 2023-жылдын 25-октябрында да киргизилген.

Расмий маалымат боюнча, өлкөдө жылытуу мезгилинде калк 1 млн тоннадан көп көмүр керектейт. Жыл сайын күз-кыш мезгилинде көмүр сатыла турган базалар ачылат. Адамдар өзгөчө кышында кара отундун баасы кымбаттап кетерин айтып, арызданышат.

Кыргызстандагы отузга жакын көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан. (BTo)

Дагы караңыз

Telegram Павел Дуровдун кармалышы боюнча билдирүү тараттыСот Райымбек Матраимовду 26-октябрга чейин камакта калтырдыБалбан Өмүрбек Асан уулу уландар арасында Дүйнө чемпиону болду (U17)Нетаньяху Израилдин "Хезболлага" каршы соккулары уланарын ишарат кылдыРоза Отунбаева талиб өкмөтүнүн талаштуу мыйзамына тынчсызданды