Экинчи дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жалгыз ардагери көз жумду

Касымбай Жолдошев

Экинчи дүйнөлүк согуштун Ош шаарындагы жалгыз ардагери Касымбай Жолдошев 99 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу 22-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда азыркы Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган. 1943-жылдын 18-январында Ноокат аскер комиссариаты аны согуш майданына чакырып, 154-аткычтар полкунда эки жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына чейин, 8 жыл аскерде кызмат өтөгөн.

Жолдошов анын ичинде 1945-жылдын 9-августунда Жапондук самурайларга каршы согушта орудияга командир болуп дайындалып, 3-сентябрга чейин Жапон согушуна катышкан. Андан кийин Кытайдын Манчжурия провинциясын бошотууда Харбин шаарына чейин согуштун аягына чейин катышкан.

Союзга кайткандан кийин беш жыл Нижнеудинск шаарында кызмат өтөп, 1950-жылдын 10-апрелинде Советтик армиянын катарынан бошотулуп, кичи мекени Ноокат районуна кайткан. Айылына келген соң согуш мезгилинде талкаланган чарбаны калыбына келтирүүгө салымын кошуп, колхоздо 35 жыл эмгектенген. Согуштун, эмгектин ардагери.

Ардагер 2004-жылдан бери Ош шаарында туруктуу жашап келген. Бир уул, бир кызды тарбиялап өстүрүп, 15 небере, 50 чебере, бир кыбыранын чоң ата, тай атасы болчу.

Быйыл 9-майда Экинчи дүйнөлүк согуштун Талас облусундагы жалгыз ардагери, 98 жашында көз жумган Араке Арстанбеков өзү туулуп-өскөн Айтматов районунун Бакыян айылында жерге берилген.

Экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылы 1-сентябрда тутанып, 1945-жылы 2-сентябрда аяктаган. Ага ошол маалдагы 74 мамлекеттин 62си, дүйнөнүн 80% калкы катышкан. Согуштан жалпы 70 миллиондой адам кырылган.

СССР Экинчи дүйнөлүк согушка өзү аралашкан бөлүгүн Улуу Ата Мекендик согуш деп атаган. Германия менен СССРдин ортосундагы согуш 1941-жылы 22-июнда башталып, 1945-жыл 9-майда СССР жеңишке жеткен. Бул күн СССРде, кийин андан тараган мамлекеттерде Жеңиш күнү катары белгиленет.

1941-1945-жылдары фашизмге каршы согушка Кыргызстандан 360 миңдей адам катышкан. Алардын 90 миңден ашыгы фронтто курман болгон.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2024-жылдын 1-мартындагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 41 ардагери калган. 9-майда аларга президенттин фондунан бир жолку материалдык жардам катары 100 миң сомдон берилген. (ErN)

Дагы караңыз

ӨКМ Зындан көлүндө суу көбөйүп жатканын эки апта мурда эскерткенин билдирди"Манас" аэропортунда жүргүнчүлөр кыска убакытка эвакуация болдуУКМК: Сокулук районунда суу мунарасы мамлекеттин балансына кайтарылдыТергөө абагындагы Имамидин Ташовдун иши сотко өттүБилим берүү министрлиги мектептерде 5 баллдык баалоо системасы каларын билдирдиЗындан көлүнөн ашкан суу Тоң суусуна бурулуп, 400 киши эвакуацияландыМилиция Лейлектин тургуну таанышын, андан соң өзүн атып алганын билдирди